Датасы: 08.09.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Курбанбай Эшим

Ыр деп апа кезип жүрөм ааламды
Ырасында билбейм пайда табамбы
Дабаа таппай жүрсөм сизге кечирчи
Доктур болбой ырчы болгон балаңды

Күлчү апаке күлчү ошол керемет
Күлкүңүздөн жазга айланып төгөрөк
Азабыңдын актабасам бир күнүн
Алдыңызга баш урайын чөгөлөп

Бир үшкүрбөй азабыма чыдап миң
Башка сиздей данаакерлик кылат ким?
Сиз бар үчүн жер огунда айланып
Сиз бар үчүн ааламыма чыгат күн

Мен кыйналсам көздөн сызып ачуу жаш
Мага сиздей бирөө күйүп жашыбас
Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын
Менин кылаар миң мээнетим татыбас

Жан дүйнөңө мен деп кайгы топтолуп
Жашысаңыз жаным кейип от болуп
Аалам дагы кызык эмес апаке
Аалам өзү кетет мага жок болуп

Кайырма:
Күлчү апаке күлчү ошол керемет
Күлкүңүздөн жазга айланып төгөрөк
Азабыңдын актабасам бир күнүн
Алдыңызга баш урайын чөгөлөп

Мен кыйналсам көздөн сызып ачуу жаш
Мага сиздей бирөө күйүп жашыбас
Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын
Менин кылаар миң мээнетим татыбас

Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын
Менин кылаар миң мээнетим татыбас

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *