Аткаруучу: LUCKY & SAPU
Топтолуп ойлорум толкундады
Асманда көбөйүп булут дагы
Бүркөлүп кабагы күндүн дагы
Күбүлдү дарактын жалбырагы
Үшүсө жанында колтуктаган
Түгөйлөр бакчадан орун алга
Күз келип кооздоду жердин бетин
Муңайбай көңүлдү жибитейин
Шамалга бурайын жүзүмдү тосуп
Кайгы капаны айдачы кошуп
Көңүл жыргасын кайгы турбасын
болчу сырдашым
Эй жалбырак түшкөндөй бутактан жерге
Жашоом булуттай бүркөлбөс экен
Жээке толкундар келет качып
Күз келди калаага мына шашып
Күткөм сагынып күрмө жамынып
Көчөдө үндөр жаңырып
Тунук абадан кере жутуп
Күлүк ой карматпай кетет учуп
Көктө зымымырап көп ой жыбырап
Бирде тынч жүрөк бирде сыгылат
Даракты кооздогон жалбырактардай
Тебеленип калбасам таман астында
Жүрбөй жалгыздан четтеп кайгыдан сага кайрылам жаратканым кайрадан
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.