Датасы: 18.12.2019
Формат: mp3

Айтамын гана ээй,
Атадан гана калган мурасты.
Жаңырып заман, эй,
Жаңы муун баба салтын улантты.

Намысын бийик сактаган эл,
Добушун угуп тыңдап жүрөктүн.
Кадырын туюп барктанам мен,
Эч тарыхтан өчпөй жыл өтсүн.
Кайратыңдан жанбаган,
Калың элди барктаган.
Эгемендикти энчилеп
Өмүрүн берген бизге
Канча адам э-эй-и-ий?

Ташта изи калган кыргызымдын.
Бириң кеттиң алыска,
Бириң жетти жылдызга.
Бириң жарап намыска,
Бири-бириңден талашпа.

Арнагам гана, эй,
Жериме чындап өчпөс эмгекти.
Баатырлар гана, эй,
Байыртан буруп тынчтык элдешти.

Намысын бийик сактаган эл,
Добушун угуп тыңдап жүрөктүн.
Кадырын туюп барктанам мен
Эч тарыхтан өчпөй жыл өтсүн.
Кайратыңдан жанбаган,
Калың элди барктаган.
Эгемендикти энчилеп
Өмүрүн берген бизге
Канча адам э-эй-и-ий?

Ташта изи калган кыргызымдын.
Бириң кеттиң алыска,
Бириң жетти жылдызга.
Бириң жарап намыска,
Бири-бириңден талашпа.

Мирбек Атабеков мурас караоке

https://youtu.be/20eAH9XI664

Мирбек Атабеков мурас клип

ПЕРЕВЕСТИ НА РУССКИЙ

Один комментарий к “Мирбек Атабеков — Мурас тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *