Датасы: 06.08.2020
Формат: mp3

Кара көзүң жагылса шамдай,
Кантип сага коёмун барбай?
Сүйгөн үчүн, дүйнөм бүтүн, керемет кандай?
Кол кармашып, бактыга барабыз,
Кош канаттай кагылган жанбыз,
Батып муңга, кантип мурда жашадык жалгыз?

Кайырма:
Эркелеп ак булуттан неге жаш тамат?
Эки жүрөк табышканда жаз башталат.
Бийик учат махабат кушка айланып,
Биз экөөбүз — кош канат.

Сагынычтан качамын кайда?
Сага карай шашамын кайра.
Сүйбөгөнгө, күйбөгөнгө,
Бар бекен айла?
Жамгыр жааса койбогун келбей,
Жалындаган жан барбы мендей?
Кара мына, карааныңа толкудум көлдөй.

Кайырма:

Один комментарий к “Иса Өмүркулов — Кош канат тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *