Ырыс алды — ынтымак

Бирдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер уруп кетет, атасы балдарынын кылыгы жөнүндө терең ойго түшөт. Эч айла болбогон соң, чал өзү тоого барды да, үйүнө чоң тутам табылганы көтөрүп келип, балдарын чогултуп алды:Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, мына бул табылганы тобу менен сындыргыла, деди.
Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Бооланган тобулгуну эч кимиси сындыра албай, акыры шалдайып туруп калышты Карыя тобулгунун боосун чечип: Эми бирден сындырып көргүлө, деди. Балдары табылганы ошол замат чарт-чурт бөлүп:

Балдары акылга келип, бирдик менен оокат кылып, касташкан душманды жеңип, артык дүнүйөсү болсо бейбечарага берип, ынтымактуу турмуш өткөрүптүр. «Ырыс алды ынтымак» деген сөз ошондон калган экен.