Датасы: 17.04.2020
Формат: mp3

Түн ортосу, жылдыздар толуп,
Жүрөгүмө махабат конуп.
Капысынан айтың мага бир сөз:
Калбасынчы сүйүүбүз соолуп.

Саманчынын жолун карап,
Саамай чачың салаалап тарап,
Болдучу эми кетели дейсиң,
Түн ортодон ооп барат.

Кетиргим жок өзүңдү эркем,
Жаратканым сени энчилеп берген.
Жомоктордон издесем өзүңдү,
Жолугарым акыры сезгем.

Чоң жетиген жылдызың издеп,
Таң чолпонум, ыр арнадым сиз деп.
Коомайланып өзүңдөн чоочуй,
Койдум мен да саамайың искеп.

Түн ичинде экөөбүзгө эми,
Керектир го махабат мээри.
Мээрим чачып турсак жүрөктөрдөн,
Өчпөйт го дейм сүйүүнүн деми.

Алтын казык жылдызын кара,
Айлуу түндө ыр арнадым сага.
Менин сүйүүм көрүнөбү десем,
Күлө карап жылмайдың мага.

Үркөр-үркөр жылдызың кара,
Үрүл таңда ыр арнадым сага.
Биздин жылдыз гана тапчы десем,
Күлө карап жылмайдың мага.
Саманчынын жолун кара,
Садагам ай, ыр арнадым сага

Сыймык Бейшекеев — Саманчынын жолу тексти: 8 комментарий

  1. Саманчынын жолу деп ата балаа экенсинерго саманчынын жолун чыгарып бербейсинерби

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *