БАБА ДЫЙКАН 2

Сары талаа түзүндө,
Буудай бышат күзүндө.
Жер ширеси данында,
Күн иреңи жүзүндө.
Ал буудайга эгедер,
Баба дыйкан дегендер.
Ардакташат аларды
Ак нанынан жегендер.
Бул дүйнөдө Жер улук,
Жерди иштеткен эл улук.
Элин баккан нан менен
Баба дыйкан эр улук.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)177
Акылдуу кыз жомок53
Коён менен кирпи51
Акылдуу кыз50
Алия менен жылкы35
Карышкыр менен эчки28
Карышкыр жана жети улак24
ЖАЛКОО23
Бакыт-таалай каякта?21
Аяз менен коён20

БАБА ДЫЙКАН: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *