Датасы: 12.05.2020
Формат: mp3

Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Х. Азиреткуловдуку

Көңүлүм байланабы?
Көзгө жаш айланабы?
Колуңду коё бербей,
Кош дедим кайра дагы…

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топ таштай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Айтпадым намыс барын,
Акырын алыстадым.
Капарга алганың жок,
Кабыргам кайышканын.

Кайгырып шашылбадым,
Кайтчы деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Кайгырып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Шурудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Күймөлүп басып араң,
Күн менен батып барам.
Күн чыгат кайра-кайра,
Мен чыкпайм, жашып барам.

Күймөлүп шашылбадым,
Күтчү деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?

Элмирбек Иманалиев — Коштошуу вальсы тексти: 11 комментарий

  1. Ушул окуяга туш болсон тушунобуз да . Менде болгон мындай учур.
    Толгонуп шашылбадым
    Токто деп чакырбады .(

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *