Датасы: 13.08.2020
Формат: mp3

Жаным мен түшүнсөм өзгөрүлдүм
Жашына тумчугуп көздөрүңдүн
Арманым майрамым өзүң болдуң
Арасын байырлап сөздөрүңдүн

Жароокерим жароокерим жашоодо даанакерим
Тагдырдын жолдору тар экенин
Таалайым үйрөттү таарынба деп
Тагдырга баш ийүү бар экенин

Сагындым сагынбайт дебе жаным
Санаага саласың неге жаным
Кече албай дайранын албуттанган
Чече албай кулпусун чек аранын

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *