Датасы: 17.08.2020
Формат: mp3

Күнүгө ойлоп сагынып
Күтөмүн сени зарыгып
Карааның көзгө көрүнбөйт
Калдыңбы мага таарынып
Карааның көзгө көрүнбөйт
Калдыңбы жаным таарынып
Тамаша бүткөн кыялым
Тартамын сен деп убайын
Табылып жаштык даарысы
Таркаса боло кумарым
Табылып жаштык даарысы
Таркаса боло кумарым
Эрмектеп карап сүрөтүң
Эскерип нечен күн өттү
Эркелеп айткан сөз үчүн
Эзбесең боло жүрөктү
Эркелеп айткан сөз үчүн
Эзбесең жаным жүрөктү
Жаш кезде кетет жаңылыш
Жарабайт жаным таарыныч
Жаначы келчи жаныма
Жазылсын күткөн сагыныч
Жанашчы келчи жаныма
Жазылсын күткөн сагыныч

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *