Илгери бир заманда ата-энеден жетим калган үч бир тууган болуптур. Алардын колунда жалгыз көк өгүзү бар экен. Аны үчөө кезек менен кайтарып жүрүштү. Бир жолу эң кичүүсү кайтарып, уктап калып өгүзүн уурдатып жиберди. Анан ойгоноор замат ары чуркап, бери чуркап, эч жерден таппай, көзүнүн жашын көл кылып ортончу агасына келди:

Түндө уктап калып, көк өгүздү уурдатып жибердим.
Кой ыйлаба, аны эмнесине ыйлайсың, тиги улуу агаңа барып айтчы, деди ортончу агасы.
Бала анын улуу агасына айтты.
Кой, кагылайын, ыйлаба. Керек болгондо таап алабыз, ага чейин эч ким сойбос, арык эмени ким сойсун, деп агасы инисин кубантып койду.
Күндөр өтө берди. Кыш өтүп, жаз келди. Эл кош айдап, тиричилик кыла баштады. Үч бир тууган өгүздү кантип таап алууну эми акылдашты.
Биздин өгүздү алган неме кичине бойлуу, сары киши бейм, деди улуусу.
Кичине бойлуу, сары киши болсо, анын көзү көк экен, деп ортончусу айтты.
Өзү кичине бойлуу, өзү сары, көзү көк болсо, ал уурунун аты Курманаалы, деди эң кичүүсү.
Өгүздү алган кишини билдик, эми анын өзүн кантип табабыз? деп улуусу сурады.
Биз өзүбүз оңой менен таба албайбыз. Балким, хан гана таап берет, ханга айталы, адилеттик кылгысы бардыр, деп ортончусу айтканда, беркилер макул болуп, ханга барышты.
Ханым, биз ата-энеден кичинебизден жетим калып, жалгыз өгүзүбүз менен жер айдап, күн көргөн бечара элек. Аны кыштын башында уурдатып жибердик. Уурдаган киши сиздин айлыңызда. Алып берсеңиз экен дешти.
Кайсы киши?
Аны өзүбүз көрсөтөлү. Сиз элиңизди чубатып берсеңиз эле болду.
Хан макул болду.
Хан элди чубатууга салды. Үч бир тууган өткөн элди карап отурду. Көптөн кийин эң улуусу ордунан тура калып:
Мен айткан кичине бойлуу сары киши тээтиги! деди.
Кичине бойлуу сары болсо, мен анын көзүн көрүп келейин, деп ортончусу чуркап барып, көзүн караса чын эле көк экен.
Кичине бойлуу сары, көзү көк болсо, эми мен барып атын сурайын деп кичүүсү чуркап барып, атын сураса аты чын эле Курманаалы экен.
Ханым, биздин өгүзүбүздү уурдаган киши ушул, өгүздү бизге кайра алып бериңиз, деп балдар Курманаалыны ханга жетелеп келишти.
Балдардын өгүзүн бергин! деп хан айтканда, Курманаалы чычая танды.
Хан аябай кысмакка алып, акыры даргага тарттырмак болду. Курманаалы ошондо гана коркуп:
Алганым чын эле, ханым, сарайда байланып турат, деди.
Өгүздү уурдаган кишини балдар кантип билгенине хан аңтаң калып, эми балдарды сынамакчы болду:
Балдар, силер анык билгич болсоңор, мына мунун ичинде эмне бар экенин билип бергилечи, деп бирине-бирин көмкөрүп койгон эки табакты алып келди. Балдардын эң улуусу табакты чайкап:
Мунун ичиндеги нерсе тоголок экен, деди.
Эмесе кызыл экен, деп ортончусу айтты.
Тоголок жана кызыл болсо, киши жей турган анар экен, деп эң кичүүсү сүйлөдү.
Хан ого бетер таң калып, булардын билгичтигине өтө ыраазы болуп, үчөөнө ат мингизип, тон кийгизип узаткан экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы64
Акылдуу кыз жомок54
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Акылдуу балдар26
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Көмөч нан (колобок) жомок25
Кыска жана күлкүлүү жомоктор23
Коён менен кирпи20
Бакыт-таалай каякта?19

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *