Датасы: 14.07.2020
Формат: mp3

Ээрчишкен эки куштай
Учкула катар бузбай
Той берип баш коштуңар
Бакыттын кушун кармап

Кошулуп кош жүрөктөр
Бактылуу бул мүнөттөр
Баарысы кабыл болсун
Айтылган ак тилектер

Кайырма:

Ачылсын асманыңар
Бактылуу басканыңар
Ээрчишип жүрүп
Бир бирин сүйүп
Сүйүүнү сактадыңар

Үзүлбөй колдоруңар
Түз болсун жолдоруңар
Бириңди бириң коштоп
Бир болсун ойлоруңар

Сүйүүңөр толкуп ташып
Бириңе бириң ашык
Жараткан аябасын
Силерден тоодой бакыт

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *