Көкөлөп бийиктейсиң,
Көңүлүмдү оорутуп,
Кыялың бар ээбин таппас,
Ак сүйүүмдү соолутуп.
Жарадар болгон жандай,
Өзүңдү калдым таппай,
Караныңа зар болгондой,
Жашай берем арман ай.
Кайырма:
Орутуп жүрөгүмдү,
Арманга саласыңбы?
Кайрылбай эми артыңа,
Унутуп каласыңбы?
Оорутуп көңүлүмдү,
Арманга саласыңбы?
Кайрылбай эми артыңа,
Унутуп каласыңбы?
Талкалап кеттиң баарын,
Оорудум сынып шагым,
Унутулуп калганыма,
Өкүнүп күйүп жандым.
Сезбеген сүйүү баркын,
Сен өзү кандай жансың,
Бактым сенсиң дегенимче,
Себепсиз кайда шаштың.