Башканы такыр карабай,
Байыр алып сага баладай.
Кучактап сени турсам да,
Кумарым калат тарабай.
Жыргаткан жаздын жазы жай.
Жыттасам жытың атырдай,
Сармерден айтып жатсам да,
Сагынчым турат жазылбай.
Күн өткөн сени жоктогон,
Алоолоп күйүп чок болом.
Кылгырып карай беремин
Кыздарды сага окшогон.
Сөзүңдү уксам сиз деген
Көлкүлдөй берет бүт денем.
Өзгөчө сулуу белемсиң
Өмүрдө өзүм издеген?
Абидин Темиров — Өзгөчөм тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 460