Өзүн дүйнөдөгү акылмандардын эң акылманы экенин ачык айтып, жарыялап жүргөн бир киши болуптур. Муну дайыма ал кайталай бергенден улам башкалар да буга ишенип, анын акылман экенин айтчу болуптур.

Анан дагы бир ушул чөлкөмдө бул дүйнөдөгү эң келесоо адам экенин бүт эл айтып бышыктаган бирөө болуптур. Ал элдин баары айткан соң өзүнүн келесоолугуна өзү ишенип, ага арданчу да эмес экен.

Бир күнү келесоо алиги акылманга келип:

— Курдаш, — дейт — сенин мага кеңешиң керек. Бирок бул маселеде сендей акылы мол адам мага жардам бералбай калабы деп кооптоном.

— Менин акылым жетпей турган маселе бул дүйнөдө жок, айта бер көйгөйүңдү, — дейт акылман.

— Мен дарыянын аркы өйүзүнө капустамды, эчкимди, илбирсимди алып өтүшүм керек. Кайыгым кичине болгондуктан аларды бирден салып, аркы өйүзгө үч жолу өтүп кайра келем. Ошон үчүн дүйнөдөгү эң акылман киши катары өзүңдөн кеңеш сурап келдим. Менин ордумда болсоң сен эмне кылат элең?

– Маселе опоңой, биринчи илбирсти аркы өйүзгө өткөрмөкмүн.

– Анда сен аркы өйүзгө барып келгиче эчки капустаны жеп койсочу?- дейт келесоо.

– Аа, ооба! — деди акылман.- Мындай учурда эчкини биринчи, андан соң илбирсти, акырында капустаны өткөрүш керек.

– Бирок сен капустаны алып келгенче илбирс эчкини жеп кетсечи?- деди келесоо.

– Туура, туура. Анда мындай кыл. Ук да, эстеп кал. Биринчи эчкини жеткириш керек, анан капустаны… Жок койо тур. Эчки менен капустаны бирге калтырганга болбойт. Андан көрө мындай кыл, биринчи капустаны… Жок, бул дагы болбойт. Илбирс эчкини жеп койот. Эй сен, башымды айлантып салдың! Ушундай жөнөкөй маселени өзүң эле чечип албайсыңбы?

– Чече алат окшойм,- деп бүшүркөдү келесоо.- Бул жерде ашкере акылдын деле кереги жоктой. Мен биринчиден наркы өйүзгө эчкини алып өтөм…

– Ооба, мен айттым го сага!

– Андан соң капустаны…

– Мына көрдүңбү, мен сага кандай кеңеш айтсам, ошондой кыла баштадың!

– Мындан соң…

– Мына, мына. Андан соң кандай кыласың? Мен аны башында айттым го!

– Мындан соң мен эчкимди кайра артка алып өтөм да, илбирсти өткөрөм. Ал капустаны жебейт да.

– Албетте, жебейт! Азаматсың, акыры мээңди иштеттиң.

– Ооба. Акырында мен кайра келип эчкимди аркы өйүзгө биротоло алып өтөм. Ошону менен менин эчким капустамды, илбирсим эчкимди жебей, маселе чечилди да калды,- деп сүйүнүп кетти келесоо.

– Мына көрдүңбү,- деди акылман.- Сен мага жөн жеринен кеңеш сурап келбептирсиң. Мындан кийин дүйнөдөгү эң акылдуу адам мен экенимден эч күмөндөнбөй жүргүн.

– Ооба, чындап эле сен мага жардам бердиң. Мунуң үчүн сага ырахмат. Сен мага өз маселемди өзүм чечүүгө өбөлгө түздүң, башты жөн эле көтөрүп жүрө бербей аны иштет деп жакшы кеңеш бердиң. Бул менин өмүрүмдөгү бирөөдөн алган эң пайдалуу жана туура кеңешим болду, — деген экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы44
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Көмөч нан (колобок) жомок16
Нооруз жөнүндө жомок16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *