Алданган карышкыр аудиосун угуу

Илгери-илгери капчыгайлардагы коргул таштардын арасына бир түлкү ийин жасап алып, анда көп жылы жашап, тар ийинге эч ким каттабаптыр.

Бир күнү күн аябай суук болуп, түлкү ийинден чыгып, тамак издеп жойлоп жөнөйт. Ал кетээри менен ачка, кынжыйган, бир карышкыр түлкүнүн келишин күтүп, ийинге жатып алат.

Түлкү жолу болуп курсакты кампайта тойгузуп, кечке жуук ийинге келди. Караса, карышкырдын изи, дароо ойлоно калды.

«Эгер карышкыр болсо, мени соо койбойт, амал табайын» деди.

Ийиндин оозунан алынын бардыгынча:

-Ийним, ийним! Барсыңбы, мен келдим,- деп обон сала кыйкырды. Карышкыр болсо, «чоң жырткыч айбан келген экен» деп былк этпей дымып калат.

Түлкү дагы чыйкылдады:

-Ийним, ийним! Сен соо эмессиң го, келгенимде жооп берүүчү элең, ал кайратың кайда кеткен!

Карышкыр түлкү экенин билгеңден кийии:

— А-у, а-уу!- деп обон сала күркүрөп жооп берет. Түлкү болсо, карышкырдын бар экенин билип:

— Ошентип бая эле айтпайсыңбы, мен карга оонап, тазаланып келейин!- деп шылтоолоп туруп, жылт коёт. Ач көз акмак карышкыр эми тоём деп тилин саландатып, түлкүнүн келишин күтүп жата берет.

Аң уулап жолу болбой келаткан мергенчилер ийинди көрүп, капкан салып койсо, карышкыр түшүп калат. Ошентип түлкү амал менен бир ажалдан калат да, карышкыр алданып өлгөн экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Көмөч нан (колобок) жомок30
Сараңдык - Кармаганы алтынга айланган Падыша25
Алия менен жылкы20
АПЕНДИ ЖАНА ЭШЕК18
Алтын балык13
Атанын осуяты жомок13
Кедей бактысы12
Акылдуу балдар11
Акылдуу кыз жомок11
Карышкыр жана жети улак11

Один комментарий к “Алданган карышкыр жомок”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *