Бирөөнүн алты баласы болуптур. Бешөөсү кем акыл, бирөөсү жинди экен. Мындайга ата кургур кайгырбай коймокпу. Бир күнү ал уулдарына айтат:

– Шаарга барып өзүңөргө жакка буюм сатып алгыла.

Бир туугандар шаңыраңдап шаарга жөнөйт. Дүкөнгө киришет. Соода кылышат. Беш кем акылы түтүгү жок мылтык алса, жиндиси түтүгү туюк мылтык алат. Мылтыктарын ийинге илет да, жол тартышат кайра.

Окус эле кайдан-жайдан алты коён капыл-тапыл чыга калат. Беш коёндун кулагы тикчийет, а бирөөсү шалпаң кулак экен. Киши караанын көргөн коёндор дыр коёт. Бирөөсү октой сызып дыргаяктайт.

Тиги алтоо мылтыктарын сунуп, жерге жата калып мээлеп калышат. Беш кем акыл көздөрүн чылк жумуп мээлесе, жиндиси үлүрөйүп шыкаалайт кароолду. Бешөөсүнүн огу теңирден тетири кайыйыт, бирөөсүнүкүнөн ок да чыкпайт.

Мына анан коёндорду баары кууп жөнөйт татырактап. Бешөө беш коёнду шыйрактан алып кармайт, бирөөсү өз олжосун басып жыгылат. Кудай мындай бербеспи: алты коён колго түшөт!

Үйлөрүнө келишет. Коёндорду оймокко салып бышырмай болушат. Бирок кенедей оймокко коён батчу беле, бири да батпайт.

Ата сөзүн укмай болушат:

– Баргыла, – дейт, – балдарым, кошуналардан мискей сурап келгиле, баарын чогу бышырганга.

Балдары кошуналарга мискей сураганы кетишет. Беш кошунасы жеткен сараң, а бирөөсү жеткен битир экен. Бешөөсү берген мискейдин түбү тешик болот. А алтынчы кошуна такыр эле түбү түшүп калган мискейин карматат.

Ага карабай мискейлерди көтөрүп келишет да коёндорду бышырмай болушат. Беш мискейдин түбүнө от жагышты унутуп коюшат. Алтынчы мискейге тамызгылык да салынбайт.

Коёндор «быша берет», «быша берет». Бешөө кайнабаптыр дагы, а бирөөсү мелтирейт.

Жеп башташат. Бешөөсү чайналбайт экен, бирөөсү такыр эле кызыл жаян.

Атасына жедирмек болушат. Курган чал бешөөсүнө нык тоёт, алтынчысын жей албайт. Лыкыйып калат.

Бир туугандар дүрбөп, алты доктур чакырып келишет. Беш доктур тең дарттын себебин түшүнбөйт, а алтынчысы жеткен кудай урган аңкоо неме экен. Алтоо кыжыңдашып талаша кетишет. Бириникин бири угайын дебейт. Бири соо дейт чалды, бири ооруу дейт.

Бу окуя эмне менен аяктаганы белгисиз. Анткени доктурлар талашкан бойдон калышкан дейт. Агер алардын талашып-тартышканы токтосо, жомокту дагы улантса болот.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы44
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Көмөч нан (колобок) жомок16
Нооруз жөнүндө жомок16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *