Апендинин эшеги жоголуп кетиптир. Ал абдан кайгыр-
ды. Кишилер ага көңүл айтышып:

‒ Кейип-кепчип эмне кыласың, өзүң аман болсоң болду,
дагы башкасын сатып аларсың, ‒ дешти.
‒ Туура айтасыңар! Ошол эшекке минип турбаганым жакшы болгон экен, болбосо аны менен кошо өзүм да жоголуп кетмек экем! ‒ деп жооп бериптир Апенди.

Кишилер анын бул айтканына күлүп калышат. Анда Апен-
динин ачуусу келип:

‒ Менин башыма ушунчалык кайгы түшүп турса, силер
эмнеге шылдың кыласыңар? Ай, силер…
Эл баягыдан да катуу күлөт. Ыза болгон Апенди андан
бетер ачууланып:
‒ О, Кудай, бул элди өз-өз эшегине мингизип, кайдадыр
бир жакка кетирип жана ошол жактан эшек-пешеги менен
жоголгондой кылагөр! ‒ деген экен.

АПЕНДИ ЖАНА ЭШЕК 2

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)35
Жоогазын16
Ким күчтүү12
Жетим менен сыйкырчы жомок8
Аяз менен коён7
Акылдуу балдар6
Алия менен жылкы5
Жаңы жылга даярдык5
Карышкыр жана жети улак5
КҮЧ БИРДИКТЕ ЖОМОГУ5

АПЕНДИ ЖАНА ЭШЕК: 7 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *