Аудиосун угуу

Илгери, илгери бир чал-кемпирдин Асан, Үсөн деген эки баласы бар экен. Бир күнү чал отун алып жүрсө, калың куурайдын ичинен бир тоок учуп чыгат. Ал тооктун жаткан жерин караса, уя толгон жумуртка.

Чал тузак тартып коюп базарга кетет. Отунун сатып, кайра келип караса, тузагына баягы тоок түшүп калган. Чал жумуртканы этегине салып, тоогун көтөрүп үйүнө келет. Тоокту жүк жыйчу тактанын алдына бутунан байлап бактырып коет.

Бир күнү чал беш-алты жумурткасын алып, «падышанын тоогунун жумурткасына салыштырамын», — деп падышанын сарайына барат. Чалды падышанын жигиттери кармап, падышага алып барат. Падыша чалдын колундагы жумуртканы көрүп, алты дилде берип, алты жумурткасын сатып алат да:

— Жумурткаң болсо алып келгин, дагы дилде беремин,- дейт.

Кийин чал бир этек жумуртка алып барып, падышадан бир этек дилде алып келет. Чал дилдеге мал алып байып кетет. Арадан көп убакыт өтпөй, чалдын кемпири өлүп калат да, жаш катын алат.

Күндөрдүн биринде чал базарга сатамын деп, бир короо ириктерин айдап, шаарга барат. Ошол шаардын каны бул кедей чал тез эле кантип байып кетти деп таң калат да, чалдын үйүн тегерете карап, эч нерсе байкабайт. Эми кетейин деп эшикке чыгып баратып, жүк жыйгыч тактанын алдындагы байланып турган тоокту көрөт.

Кан: «Ырыс мунун мал тегинде эмес, ушул тоокто экен. Бул тооктун канатын жеген токсон күндө кандыкка, башын жеген киши кырк күндө падышалыкка жетет. Мен мунун башын жеп, түшпөс падыша болоюн» деп ойлойт да, чалдын жаш катынына:

— Мен сени аламын. Сен тиги тоокту союп, башы менен канатын бышырып кой, бир аздан кийин келемин,- деп үйүнө кетет.

Аял тоокту союп, казанга салып, баягы канды күтүп, күтүп кечиккенинен:

— Кан эмне кечикти? Мен барып ээрчитип келейин, силер этти бышырып тургула,- деп Асан, Үсөнгө тапшырып, канга кетет.

Асан, Үсөн баягы тооктун этин бышырып атып, башы менен канатын жеп коет. Кан этти караса, канат менен баш жок.

— Бул этти жебеймин, мага тооктун канаты менен башы керек болчу,- деп тоокту жебей коет.

Анда аял:

— Иий, тооктун канаты менен башын Асан, Үсөн жеп койгон турбайбы,- дейт.

Анда кан:

— Балдардын өпкө-боорун бышырып кой, мен эртең менен келип жеймин,- деп үйүнө кетет.

— Эртең менен балдар медресеге кеткенден кийин жолунан тосуп Асан, Үсөндү өлтүрүп, өпкө-боорун алып кел,- деп аял үйүндө оокатка жардам кылып жүргөн чалды жиберет.

Чал мектепке барып, Асан, Үсөндү чакырып алып:

— Өгөй энеңер силерди өлтүрүп, өпкө-бооруңарды алып келгин деп мени жиберди. Силер бир күчүк, бир мышык таап келгиле,ал экөөнү өлтүрүп, өпкө-боорун көйнөгүңөргө ороп койгула, мен шаарга барып силерге көйнөк, оокат алып келемин. Көйнөк кечекти кийип, азыгыңарды көтөрүп алып качкыла,- дейт.

Асан менен Үсөн бир күчүк, бир мышык алып келишет, баягы чал айткандай кылышат.

Чал балдарга кийим-кечек, азыктарын алып келип:

— Эми силер качкыла, мен «өлтүрдүм» деп кан болгон көйнөгүңөрдү жана ит менен мышыктын өпкө-боорун аялга алып барып беремин. Силер ушул жол менен жүрүп олтурсаңар, жүрүп олтурсаңар эки айрылыш жолго кез келесиңер. Чоң жолуна улууң, кичинесине кичүүң түш,- дейт да, жолду көрсөтүп өзү кайра кетет.

Чал аялга келип, баягы өпкө-боорду берет. Кан ошол өпкө-боорду, жеп ууланып өлөт.

Асан, Үсөндүн атасы базардан келсе, балдар жок. Болгон окуяны баягы чал толугу менен айтып берет, Асан, Үсөндүн атасы катынын кырк кысырактын куйругуна байлап, сүйрөтүп жүрүп өлтүрөт.

Асан, Үсөн болсо баягы чал айткандай, эки айрылыш жолго түшүп кетет.

Асан жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир калың элге жолугат.

Асан:

— Бул эмне болгон эл?- деп бир карыядан сураса, ал:

— Эл кан шайлашмак болушту,- деп жооп берет.

Ошондо бир аксакал элден бөлүнүп чыгып:

— Мен кан боломун, мен кан боломун деп талашпагыла, андан көрө кандын кушун учургула, ал кимдин башына барып консо, ошол киши кан болсун,-деп кенеш берет.

Эл кандын кушун учурат. Куш Асандын төбөүне конот. Асан таажы кийип, такка олтуруп кан болуп калат.

Үсөн жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир үйгө келет. Ал үйдө бир кызы бар чал-кемпир бар экен. Чал:

— Кайдан жүргөн баласың?- деп сурайт Үсөндөн. Анда Үсөн:

— Баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөм!- дейт.

— Мага бала болгун, балам!- дейт чал.

— Болсо, болоюн.

Үсөн баягы үйдө жатып калат. Эртеси чал менен кемпир эртең менен эрте туруп:

— Бул эмне болгон бала болду экен? — деп карашса, Үсөндүн башында бир шише дилде турат.

Кемпир ал шише дилдени катып коет. Ар күнү Үсөндүн башында дилде боло берет, аны кемпир алып ката берет.

Ошол элде бай жана дубакөй, эри жок, Шатырадолу деген аял болот. Ал Үсөндүн ичинде тооктун канат эти бар экенин билип, ошол тооктун канат этин алуу үчүн:

— Ким чыгып келсе, мен ошого чыгамын,- деп балдарды жарыштырат.

Үсөн балдар менен жарышып биринчи болуп чыгып келет.

— Жарыштан чаңкап келдиң,- деп Шатырадолу туз чыланган суу берет. Үсөн ичип жиберип, кайра жүрөгү айланып кусат, ичинен тооктун канаты чыгат.

Шатырадолу канатты көрөр замат жутуп жиберип, үйүнө кирип жатып алат. Үсөн үйүнө келип жатат, бирок эртең менен турса баягыдай күндө чыгып турчу дилде жок. Ал бардыгын түшүнүп:

— Кой, бул үйдөн кетишим керек,- деп жөнөп кетет.

Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир жерге келсе эле үч киши мушташып атат. Үсөн:

— Эмне мушташып жатасыңар?- деп сураса, алар:

— Биз жайыл дасторконду, ур токмокту жана аса-мусаны талашып урушуп атабыз, дешет.

Үсөн:

— Жайыл дасторконуң эмне?

— «Жайыл дасторкон, жайыл» десе дүйүм тамак даяр болот.

— Ур токмогуң эмне?

— Кимге каршы болсоң, ошону «ур, токмок, ур» десе, аны селейте коет экен.

— Аса-муса дегениң эмне?

— «Каалаган жериме жеткир» деп минсең, каалаган жериңе жеткирет. Биз аса-мусаны талашкан элек!

— Эми урушпагыла, үчөөң жарышып келгиле, кимиңер чыксаңар ошонуңар алгыла, мен Аса-мусаны кармап турайын,- дейт бала.

Ошентип Аса-мусаны Үсөнгө карматып коюп, баягы үчөө бул айтылган сөздү ырас көрүшүп жарышат, узап кетер замат Үсөн тасторконду курчанып, токмокту белине кыстарып, Аса-мусаны минип:

— Эми, Аса-муса, мени бир жакшы жерге жеткир,- деп көзүн жумат.

Бир маалда көзүн ачса, тунжураган токойдун ичиндеги көлөкөлүү чынар теректин түбүндө жатат, Үсөн баягы тасторконду жайып алып, тамак ичет да, теректин түбүнө жатып уктап калат, ойгонсо түш болуп калыптыр. «Ии, мен ушул жерге, Шатырадолуну алып келсем, жакшы болгон турат»- деп бала баягы аялга барат. Шатырадолуну ээрчитип келип, Үсөн жайыл дасторконду жайып, Шатырадолуга тамак берет,аябай сыйлайт. Ошол жерде Үсөн бир маалда уктап кетет. Шатырадолу жайыл тасторконду, токмокту алып, Аса-мусаны минип үйүнө кетип калат.

Үсөн ойгонуп караса, жайыл дасторкон, ур токмок, Аса-муса жана Шатырадолу жок. Үсөн аябай капа болуп, ары чуркайт, бери чуркайт, бирок Шатырадолудан кабар жок, акыры чарчап чаалыгып уктапкалат.

Бир маалда ойгонсо:

— Ой, бала, тургун! Чынар теректин жоонураак бутагынан кескин, анын баш аягын таарыгын да минип алып, Шатырадолунукуна жеткир десең, ал жеткирет. Ага барганда, Шартырадолуну көк эшек бол деп, ошол терек менен башка ур, ал эшек болуп калат деген үн чыгат.

Үсөн туруп чынар теректен кыркып, баш-аягын кесип минет да:

— Шатырадолуга жеткир!- дейт.

Чынар теректин бутагы Үсөндү Шатырадолуга жеткирет. Үсөн, Шатырадолунун үйүнө кирип барып:

— Көк эшек бол,- деп башка бир коет. Шатырадолу ошол замат көк эшек болуп калат.

Бир күнү Үсөндүн үйүнө отун алып саткан үч жетим келет. Үсөн аларга:

— Силер мынабу эшекке отунуңарды жүктөп, оокатыңарды кылгыла, бирок дайыма мойнунан байлап жүргүлө, болбосо качып кетет,- деп эшекти берет.

Балдар отун жүктөп бир күнү эшекти качырып жиберишет. Ал барып падышанын жигиттеринин колуна түшүп калат. Эртеси балдар эшегин издеп такыр таба алышпайт. Издеп жүрүп, издеп жүрүп Асан падышанын жигиттери байлап койгон жерден табышат. Асан падыша жигиттерине:

— Бул эшек тегин эшек эмес, ээси келсе, менден уруксатсыз бербегиле,- дейт.

Баягы үч жетим эшекти таанып алып кетебиз десе, падышанын жигиттери такыр бербей коюшат. Ал үчөөнү ээрчитип алып падышага алып барат, падыша:

— Бул кимдин эшеги эле?- деп балдардан сураса, алар:

— Үсөн мырзаныкы,- дешет.

— Үсөн менин иним окшойт, ээсин алып келмейинче бербейм,- деп эшекти Асан балдарга бербей коёт.

Үч жетим Үсөндү падышага алып келсе, өзүнүн бир тууганы. Ошол жерден Асан менен Үсөн табышып, атасын алдырып, экөө эки жерге падыша болуп калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки44
Алия менен жылкы43
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Один комментарий к “Асан менен Үсөн”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *