Кайталайт “жаным” деп,
Жүрөктөрдүн обону.
Сүйүүнүн бул ырын,
Түбөлүккө созолу.
Кайырма:
Эркелет, эркелет,
“Алтынымсың”, “жаным” деп.
Сени менен олтурсам,
Сезимдерим эселейт.
Эркелет, эркелет,
Бакытка сен бөпөлөп.
Жылуу сөздү аяба,
Көк асманга көкөлөт…
Гүл болуп ачылсам,
Күндүн нуру бир өзүң.
Кайгырган жан элем,
Сени менен өзгөрдүм…
Кайырма:
Эркелет, эркелет,
“Алтынымсың”, “жаным” деп.
Сени менен олтурсам,
Сезимдерим эселейт.
Эркелет, эркелет,
Бакытка сен бөпөлөп.
Жылуу сөздү аяба,
Көк асманга көкөлөт…