Кыргыз тилине которгон: «ЫКЧАМ» котормо борбору 

Бир жолу Павлик Котьканы балык уулоого ээрчитип барды. Бирок ал күнү алардын жолу болгон жок: кайырмагына бир дагы балык илинбей койду. Жолу болбогон алар артка кайтып келе жатышып, жолдон колхоздун чарбагына киришип, чөнтөктөрүнө толтуруп бадыраң салып чыгышты.

Бадыраң - Николай Носов 2

Аларды кокустан колхоздун кароолчусу байкап калды да, артынан ышкырып калды. А алар андан качып кутулушту. Павлик жолдо баратып бирөөнүн чарбагына суроо-сопкутсуз киргени үчүн үйүнөн уруш угарын ойлонуп, бадыраңдарынын баарын Котькага берип койду.
А Котька үйүнө сүйүнүп кирди:
– Апа, мен сизге бадыраң алып келдим!

Бадыраң - Николай Носов 3

Апасы аны караса эле, чөнтөктөрүнө, коюнуна толтуруп бадыраң салып алыптыр, колунда да эки чоң бадыраң жүрөт.
– Буларды каяктан алдың? – деп сурады апасы.
– Чарбактан.
– Кайсы чарбактан?
– Тиги жактагы, суунун боюндагы колхоздун чарбагынан.
– Сага алганга ким уруксат берди?
– Эч ким, мен өзүм үзүп алдым.
– Демек, уурдап алдың?
– Жо-ок, уурдаган жокмун, жөн эле… Павлик алса болот, а мен алсам болбойбу? Ал алды, анан мен да алдым.
Котька чөнтөктөрүндөгү бадыраңдарды алып чыга баштады.
– Токто, токто! Чыгарба! – деди апасы.
– А эмнеге?
– Тез кайра алган жериңе алып бар!
– Каякка алып барам? Алар жөөктө өсүп турушкан болчу, мен аларды үзүп алгам. Баары бир алар эми өспөйт деле.
– Эч нерсе эмес, алып барасың да, кайсы жөөктөн үзсөң, ошол жакка коюп келесиң.
– Анда мен аларды ыргытып салайын.
– Жок, ыргытпайсың! Сен аларды отургузган эмессиң, карап өстүргөн жоксуң, эми ыргытып салганга да акың жок.

Бадыраң - Николай Носов 4

Котька ыйлап баштады:
– Ал жакта кароолчу бар экен. Ал бизге ышкырды эле, биз качып кеттик.
– Мына көрдүңбү эмне кылганыңарды?! А эгер ал силерди кармап алсачы?
– Ал бизди кубалап жете алмак эмес, ал карып калган чоң ата экен.
– Сен уялган жоксуңбу? – деди апасы. – Ал чоң ата бул бадыраңдар үчүн жооп берет. Бадыраңдар жоголгонун билишсе, ага чоң атаны күнөөлөшөт. Жакшы болобу анан?
Апасы бадыраңдарды чогултуп кайра Котьканын чөнтөгүнө сала баштады. Котька катуу ыйлактады:
– Барбайм мен ал жакка, чоң атанын колунда курал бар болчу. Ал мени атып өлтүрүп коёт.
– Макул! Ууру балам болгондон көрө балам жок болсун.
– Апа, мени менен чогуу барыңызчы! Эшик караңгы болуп калды. Мен корком.
– Алып жатканда корккон жоксуңбу?
Апасы Котьканын чөнтөктөрүнө батпай калган эки бадыраңды колуна карматты да, эшиктен чыгарып койду.

Бадыраң - Николай Носов 5

– Бадыраңдарды кайра ордуна жеткир же үйдөн биротоло кет, мен ууру балага апа болгум келбейт!
Котька сыртка чыгып, көчөдө жай басып баратты.
Эшикте караңгы кирип калган эле.

Бадыраң - Николай Носов 6

«Арыкка таштап салайын да, апама жеткирдим деп коёюн, – деп ойлонгон Котька эки жагын алаңдап каранды да: – Жок, жеткирейин. Кимдир бирөө көрүп калып, анан мен үчүн чоң ата жапа тартпасын».
Ал көчө бою ыйлап баратты. Ал коркуп да жатты.
«Павлик жыргап отурса керек! – деп ойлоду анан Котька. – Ал бардык бадыраңдарын мага берип койду да, өзү үйүндө жыргап отурат. Ал мендей корккон да жок».
Котька айылдан чыгып, талааны аралап басып баратты. Айланада бир жан жок эле. Коркконунан чарбакка бара турган жолду да унутуп койду. Бир алачыктын жанына барып токтоп, ошол жерде турган боюнча катуу ыйлап кирди.

Бадыраң - Николай Носов 7

Кароолчу аны угуп калып, ага жакын барды.
– Сен эмнеге ыйлап жатасың?
– Чоң ата, мен бадыраңдарды алып келдим.
– Кайсы бадыраңдарды?
– Жанагы, биз Павлик экөөбүз үзүп алган бадыраңдарды. Апам кайра ордуна алып барып кел деди.

Бадыраң - Николай Носов 8

– Аа, ушундай болдубу? – кароолчу таң калды. – Демек, жана мен силерге ышкырган экенмин да, а силер баары бир бадыраң алып кеткен экенсиңер да. Жакшы эмес!
– Павлик алды эле, мен дагы алдым. Анан ал өзүнүн бадыраңдарын да мага берип койду.
– А сен Павликти туураба, өзүңдүн кылганыңды өзүң карап билишиң керек. Мындан ары андай кылбай жүр. Бадыраңдарды ташта да, үйүңө бар.
Котька бадыраңдардын баарын чыгарды да, жөөккө койду.

Бадыраң - Николай Носов 9

– Кана, болдубу? – деп сурады карыя.
– Жок… Бирөө жетпей жатат, – деген Котька кайра ыйлап кирди.
– А эмнеге жетпей жатат? Ал кайда?
– Чоң ата, мен аны жеп салгам. Эми эмне болот?
– Эмне болмок эле? Эч нерсе болбойт. Жеп койгон болсоң, макул, аш болсун.

Бадыраң - Николай Носов 10

– А сизге, чоң ата, бир бадыраң жоголгону үчүн эч нерсе болбойбу?
– Ай-ай, бул үчүнбү? – чоң ата жылмайып койду. – Жок, бир бадыраң үчүн эч нерсе болбойт. Эгер калган бадыраңдарды алып келбесең, анда жаман болмок.
Котька үйүнө чуркап жөнөдү.

Бадыраң - Николай Носов 11

Анан чуркап баратып тык токтоду да, алыстан карыяга кыйкырды:
– Чоң ата, чоң ата!
– Дагы эмне болду?
– А жанагы мен жеп койгон бадыраң уурдаганга жатабы же жокпу?
– Мм, иш ушундайбы? Макул эми, уурдаганга кирбей эле койсун.

Бадыраң - Николай Носов 12

– А кандайча?
– Эми, мен аны сага белекке бердим деп эсептей бер.
– Рахмат, чоң ата! Мен кеттим.
– Барагой, балам, барагой.
Котька бар күчү менен чуркап талааны аралап, сайдан өтүп, агын суунун үстүндөгү көпүрөдөн ашып өтүп, анан шашпай айыл аралап үйүнө жөнөдү. Ал өзүнчө кубанып бара жатты.

Бадыраң - Николай Носов 13

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы44
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор25
Акылдуу кыз16
Көмөч нан (колобок) жомок16
Нооруз жөнүндө жомок16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *