Бар экен, жок экен болгон экен ага ини
Кичинекей кездеринде жоголуп кеткен бири
Кийин алар чоңоюп, алдыга максат коюп
Бири жакшы, экинчисинин жаман экен ою
Алдар көсө, атка конуп агасы өсөт
Тарбиядан дайыны жок анын көрсө
Ал көчөдө өскөн, бешикке бөлөнбөстөн
Көрүнөр замат көзгө дароо кач көрүнбөстөн
Алдар көсөнүн болгон экен иниси
Ал ким экендигин керек ал билбесе
Узун бойлуу, арыкчырай жигит
Ал тарбия көрүп өскөндөрдүн бири
Курсагы ток эч зыяны жок
Мүнөзү жоош жигит тез ишенчээк бирок
Ал дүкөндө иштеп жүргөн күндө
Алдар көсө өтүп келди төргө
Ага ини көп убакыт өтүп кийин жолугушту
Бири-бирин тааныбастан туруп экөө дос болушту
Алдар көсө дос-дос, деп ачырып турду ооз
Эң эле кызыгы, өз инисин уктатты кооз
Агасы кайдан билди, алдаганын кимди
Ал түш көрсө миң, кирбегендин бири
Ушалаган кулак досу,бир тууган экендигин
Ага-ини жаш кезинде түшкөн сүрөттөн билген