Бир дыйкан жыл сайын орум-терим бүткөндө Гаванага барып, дайыма бир мейманканага токтоп эс алчу экен. Бир жылы бул жайдын ашканасынан жеген куурулган жумурткасы үчүн кандайдыр себептерден улам тыйын төлөбөй кетет.

Ошентип бир жыл өткөндөн кийин адатынча Гаванага келип, тааныш мейманканасына кирсе, анын кожоюндары дыйкандан баягы төлөбөй кеткен жумурткасы үчүн оңбогондой көп акча талап кылышат. Буга эч түшүнбөгөн дыйканга мейманканачылар жагдайды түшүндүрүшөт.

Көрсө, былтыркы жеген жумурткалары үчүн өз учурунда төлөгөнүндө – быйыл алар алда немедей тоокко айланмак экен. Дал ошол семиз мекияндар жарыкка келбей калышына дыйкан күнөөлүү имиш. Мындай укмуш доочуларга дыйкан турмугун көргөзөрү бышык да. Тигилер болсо сотко беришет.

— Эмне үчүн ушул убакка чейин карызыңды төлөбөй жүргөнсүң? – деп сурайт доочуларга жан тарткан сот.

— Урматтуу сот, мен дыйканмын, жазгы кош айдоо үчүн буудай кууруп, келе албай жүрдүм, — дейт дыйкан.

— Кандай, кандай? Кош айдоого буудай кууруп… Эмне сенин куурулган буудайың өсөбү? – деп сурайт сот опурулуп.

— Анан булардын куурулган жумурткасынан жөжө чыгабы? – дейт дыйкан ыңгайдан пайдаланып.

— Албетте, чыкпайт! – деген сот да дыйкан үчүн ишти оң жагына чечип берген экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок52
Акылдуу балдар30
Кыска жана күлкүлүү жомоктор29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи20
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *