Бири кедей, бири бай жашаган эки биртууган болуптур. Бир күнү байгер жашагандын үйүнө түнөп кетүүнү суранган жолоочу келет. Кийимине караганда: жакыр өңдөнөт. Бай анын түрүн көрүп: «Үйүмдө орун жок, чыгып кет!» — деп сетиркенет.

Жолоочу аныкынан чыгып, кедейдин үйүнө башбагат. Кедей болсо жолоочунун курсагын тойгузуп, алдына төшөк салдыртып берет. Эртеси таңда жолоочу батасын берет кедейге:

– Ишиңди кудай жалгап, эң мурда эмнеге эңилсең, ошонуңдан баар тап! – деп жөнөп кетет.

Жолоочу кеткен соң, кедей келмесин келтирип, талесин[1] ордунан алып жамынары менен эки жагын каранса эле – шумдук: кымбат баалуу талестер жайнап калыптыр! Болгондо да жибектен токулган дейт.

Муну уккан байгер биртууганынын жаны жай алмакпы: жолоочуну издеп таап, үйүмө түнөп кетиң дептир.

Эртеси таңда жөнөр жолоочу байгерлүү үй ээсине батасын берет:

– Ишиңди кудай жалгап, эң мурда эмнеге эңилсең, ошонуңдан баар тап!

Ишти дароо эле акча санагандан баштамак болот, бирок муну ойлонор замат табарсыгы толуп кетип, сыртка чуркайт. Короосуна чыгат, дубалдын түбүнө турат. Ошол күндөн ушул күнгө дейре дубалдын бети кургабайт имиш.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок16
Аяз ата14

Эки биртууган: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *