Сага мен кызым садагам кызым
Амандыкты анан бакты тилейм
Берекем кызым көлөкөм кызым
Бул өмүрдүн балын тат тилейм
Кайырма:
Ата-энеңди сыйлап урматтаган
Асылымсың сен акыл эстүү бол
Кыргыз үчүн күйгүн кайда болбогун
Кыйсайкалдай кызымдай эрктүү бол
Периштем менин күлкүңдөн сенин
Жыргалысың ушул дүйнөнүн
Татынам өзүң турганда өзүң
Мээримдүүлүктү кантип сүйбөйүн