Жаз айы жамгыр басылбай
Кайгыдан көңүл ачылбай
Сагыныч тартат өзүңө
Махабат дарттан арылбай
Көл жатат үнсүз мемиреп
Уйкуда бөбөк жаткандай
Жээгинде жүрөм мен жалгыз
Түгөйүн күткөн аккуудай
Минуттар жылдай узарып
Жаштыгым сага арнадым
Жашоодо бирге болбодук
Жүрөктө жаткан арманым