Бир күнү түлкү кыштакка келип, толтура каз багылып жаткан короого түштү. Кароолчулар менен иттер уктап жаткандыктан “өз убагында келген экенмин”,- деп түлкү каздардын чак-челекейин чыгарып кубалады.

Жаны чыкчудай каркылдаган каздар ушундай бир жан соога сурашты дейсиң, эгер түлкү казча түшүнгөнүндө  түлкү башы менен аларды аяп, куру кол кайтканына кайыл боло короодон чыгып кетмек.

Ошентип жаалданган түлкү калтыраган каздарды бир катарга тизип, бир четинен алкымдарын кыя чайнап, айоосуз кыра баштаганы калганында, бул каркылдаган канаттуулардын арасында түлкүчө билген бир картаң каз бар экен, ошонусу түлкү менен сүйлөшүү жүргүзө баштады.

— Түкө,- деди ал.-  Бир салтыбыз бар эле, өлөр алдыбызда каркылдап ыр ырдап, кошок кошкон. Ошону жасап алалы, уруксат бер.

— Болуптур,- деди ак көңүлү кармаган түлкү.- Ырдасаңар ырдап, ыйласаңар ыйлап алгыла. Бирок тезирек, болбосо курсагым курулдап ачкамын.

Ошентип каздар өңгөчтөрү үзүлгүчө каркылдашканда, жакын жерде жайгашкан кароолканадагы адамдар менен итканадагы иттер каздардын үнүн угуп жетип келишти да, казканага түшкөн түлкүнү кармап, терисин тетири сыйрышты.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)36
Жоогазын16
Ким күчтүү12
Жетим менен сыйкырчы жомок8
Алия менен жылкы7
Аяз менен коён7
Акылдуу балдар5
Жаңы жылга даярдык5
Карышкыр жана жети улак5
КҮЧ БИРДИКТЕ ЖОМОГУ5

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *