Илгери  бай дыйкандын бир малайы болуптур. Ал кумар ойногонду жакшы көрүп, андан уттуруп, дайыма эле карыз болуп басып жүрчү экен. Бир жолу доогерлер аны талаада бада кайтарып жүргөн жеринен кармап алышып, кожоюндун семиз уюн карыз үчүн алып кетип калышат. Байкуш малай эмне кылар айласын таппай талаада ыйлап отуруп чарчайт да, чалкасынан түшүп шалдайып жатып калат. Анын кыймылсыз жатканын көргөн эки карга “өлүп калган экен, көзүн оюп жейли»,– деп жанына коно калганда малай шамдагайлык менен экөөнүн бирөөсүн кармап калат.

–  Менин көзүмдү оюп жечү силерсиңерби!– деп кыйкырган малай анын моюнун толгомокчу болгондо карга адамча сүйлөп жиберет:

–  Койо бер мени. Ал жакшылыгың үчүн мен сага жакшы сыйлык берем. Өкүнбөйсүң!

–  Кандай сыйлык? Тезирек бер, болбосо жарыкчылык менен коштошосуң!

Айласы кеткен карга малайга ак жүз аарчы берип мындай деди:

–  Бул жүз аарчы сенин бүт каалоолоруңду аткарат.

–  Аның чын болсо анда байкап көрөлүчү,–  деген малай буйрук бере бурк этти:–  Анда эмесе кожоюндун ую ушул жерге азыр туруп калсын!

Көз ачып жумгуча ал жерге кожоюндун ую пайда боло калды. Ошондо гана жүз аарчынын кереметине  ишенген ал карганы койо берет да, кожоюндун малдарын үйүнө айдап келип өткөрүп берип, ага экинчи малай болбостугун жарыялайт.

Андан чыккан соң дароо эле өзүнө сыйкырдуу жүз аарчыдан келишкен үй-жай сурады. Аны айтып оозун жыйгыча бет алдына өзүнүн кыялындагы үй жаңы буюмдары менен кошо пайда болот. Андан соң ал мол түшүм бере турган айдоо аянтына да кереметтүү жүз аарчы аркылуу ээ болду.  Мындан соң ал өз үй, өлөң төшөгүндө жерин иштетип үзүрүн көрүп, тагдырына ыраазы болуп бактылуу жашап калат.

Бир күнү ал сыйкырдуу жүз аарчыга дагы кайрылды. Бул жолу ал өзүнө асмандан түшкөн периште сыяктуу аялды сурап алды.

Ошентип ал өзүн издеп келген кызга үйлөнүп, аны менен бир далайга бактылуу жашап жүрүштү. Андан соң аялы күйөөсүнүн малай болуп жүрүп кантип бат эле байып кеткенин такып сурай баштайт. Аялына ишенген ал баардыгын айтып берип, ал тургай сыйкырдуу жүз аарчысын да ага көргөздү. Муну укканда аялдын ниети бузулуп, жамандык ойлой баштады. Бир күнү ал күйөөсүнүн үйдө жоктугунан пайдаланып, сыйкырдуу жүз аарчыны алып төркүнүнө качып кетет. Мурунку малай, азыркы байга айланган баягы неме муну билген соң терең кайгыга батып, көз жашы менен бетин жууп, мөгдүрөп  отуруп калат.  Анын бул кайгысы Кудайга жетип, анын мурунку малайга боору ооруп, жардам бермекчи болду. Бир күнү ал малайдын маңдайына пайда болуп, өзүнө жардам бергиси келгенин түшүндүрүп, жоготкон байлыгын кайрып алышы үчүн бир кызыл, бир ак  гүл берип мындай деди:

–  Ак гүлдү анын ата-энесинин эшигинин кычыгына сайып кой.  Алардын үйүндө дароо эле таңгалычтуу окуялар боло баштайт. Андан соң аларга экинчи гүлдү көрсөтсөң, дароо эле уурдаган оокатыңды кайрып беришет.

Кудайдын көрсөтмөсүн аткарыш үчүн малай кайнатасынын үйүнө барып, алардын каалгасынын кычыгына  ак гүлдү сайып мындай чыга бергенинде эле өзгөчө бир жыпар жыт үй ичине толуп чыгат. Баардык үй-бүлө бул керемет гүлдү көрүш үчүн, жыттап жыргаш үчүн сыртты карай жөөлөшкөн бойдон жөнөшөт. Бирок дал ушул учурда керемет гүлдү жыттагандардын мурду пилдики мисал узарып кетет. Колдору менен мурундарын сыйпалаган алар бири-бирин көрүп, өңгүрөп ыйлап беришти. Эмне деген каргаша жабышканын түшүнбөгөн алардын барбаган табыбы, көрүнбөгөн дарыгери, сыйпабаган, ичпеген дарылары калбады, бирок мурундары саамга да кыскара койбоду.

Бир нече күндөн кийин мурунку малай кайнатасынын үйүнө эч нерсе болбогондой барып калды. Алардын узун мурундарын көргөн  малай күлкүсүн тыя албай калды.

–  Кудайга кандай күнөө кылганыбызды билбейбиз, ушинтип калдык,–  дешип кайната менен кайненеси анын алдында мүңкүрөп турушту.

–  Мунун баары бирөөнүн адал оокатын арам жол менен тартып алгандыктан улам болуп жатат. Эгер силер менин сыйкырлуу жүз аарчымды кайрып берсеңер, баарыңарды тең айыктырам.

Абышка-кемпир кызына күйөө баласынын сыйкырдуу жүзаарчысын кайрып берүүсүн буюруп, ал муну аткарары менен баары мурдагы жайына келип калышты. Баары тең кызыл гүлдү жытташты эле, мурундары мурдагы калыбына келип калды. Малайдын аялы ошол эле күнү үйүнө кайтып келип, жүз аарчыга экинчи тийбес болду. Алар көп балалуу болушуп, небере-чөбөрөлөрүн көрүшүп, акыры мурунку малай, азыркы ардактуу кары өз ажалы менен бул дүйнөдөн кеткени жаткан күнү ал жаткан бөлмөгө эки карга учуп кирип, каркылдагы аралаш үн менен адамча сүйлөп жиберишти:

–  Карк-карк, карк! К–кайры жүз аарчыны! Карк, ка-кайры жүз аарчыны!

Ошол замат бөлмө ичин чагылгандын жарыгындай нур каптап, сыйкырлуу жүз аарчы көздөн кайым жок болуп кетиптир.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы62
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу кыз жомок31
Акылдуу балдар29
Кырк калп жомок26
Көмөч нан (колобок) жомок26
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Кереметтүү жүз аарчы”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *