КИ-РИ-КО-КО!

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
10

Тоодо бир адам жашаптыр.  Анын кичинекей үйү жана чоӊ чарбасы: тармал койлору, семиз чочколору, шамдагай көгүчкөндөрү, тынчы жок тооктору  жана дон Педро деген корозу бар экен. Короз чоӊ, анан өтө сулуу болгон. Күнү бою короодо койкоӊдоп, кооздонуп ары-бери басып жүрчү, эртеӊ менен баарынан мурун ойгонуп, кашаага секирип чыгып күнгө салам бере турган.

– Ки-ри-ко-ко! – кыйкырат, аны бүт айылдын короздору кайталап, кыйкыра баштайт. Ал укмуш кыйкырган. Жок, өтө укмуш десек болот! А таажысычы!  Буттарындагы текөөрүн айтсаӊ! Кыскасын айтсак, бул айылда эмес, бүт аймакта мындай  сонун короз жок болгон. Ошондуктан ээси жөн эле Педро дебей, ак сөөк синьорлор сыяктуу Дон Педро деп атаган. Бул атак ага аздык кылды го дейм, кокурайган короз бир күнү короонун эшигинен чыгып талаага, андан түз эле токойго жөнөдү. Токойдогулар да кандай кооз короз экенин көрүп, кандай гана шаӊкылдаган үнүн угушпады.

Токойго кире сала аны куу түлкү көрө калды. Бадалдарга жашынып жакындай баштады. Өтө ачка неме шашып  сак болууну унутуп калды. Короз аны көрө койду да күчтүү канаттарын шилтеп, бактын башына учуп чыгып кетти. Бул зор эмен дарагы эле. Калыӊ бутагынан эч нерсе көрүнбөй, түлкү карайлап таппай калды.

Бекер эле эки бак аралап, жыттап издеди. Короз житип жок болду. Педро түлкү кеткенче чыдай турса эмне. Мактангысы келип, канаттарын жайып, мойнун созуп болгон үнү менен кыйкырып калды:

– Ки-ри-ко-ко! Менин укмуштуудай үнүмдү баарыӊар уккула!

Токойдо анын үнүн баалай турган эч ким болбоду. Короздун кыйкырганын уккан түлкү жалбырактын арасынан аны дароо таап алды. Ал дарактын башында отурат, анын кызыл, жашыл, алтындай канат-куйругу күнгө чагылышып асыл таштардай кубулуп турду.  Ал чынында бүт аймакта эӊ сулуу, эӊ кооз короз эле.

– Даамы да сонун болсо керек! – деп шилекейин жутуп калды куу түлкү, бирок аны кантип кармаганга акылы жетпеди. Даракты эки-үч айланды да отура кетти. Текебер Педродон көзүн албай жагымду үнүн созо баштады:

– Менден коркпо, короз! Сен ушунчалык кооз экенсиӊ! Дарактан түшүп өзүӊдү жакындан көрсөтүп койчу!

Короз тегерек көздөрү менен түлкүгө тикирейип, унчукпай койду.

– Көрүнүп койчу, сулуу жигит! Короз үн чыгарбады, ал таттуу сөзүн укканы менен оозун ачканда курч тиштерин да көрдү.

– Түшсөӊ короз, мен сага жомок айтып берейин!

Албетте, дон Педро түлкүнүн жомогунун аягы кандай бүтөрүн билчү. Таажысын силке сала,  акылга салып жооп берди:

– Сага өтө ыраазымын, синьора түлкү. Сен тизеӊе жыгылып сурасаӊ да түшпөйм жерге. Сен мага серенада ырдасаӊ да укпаймын!

– Сен мага дос болгуӊ келбейби! – корозду абдан жегиси келген түлкүнүн жини келди. – Анда мен сени менен башкача сүйлөшөмүн, мен эч кайда кетпейм – түнү да, күнү да. Сен ачка болгондо, кымбаттуум, акыры жерге түшөсүӊ. Ошондо мени менен дос болгуң келбегенин көрсөтөм.

Байкуш дон Педро! Ал аябай коркуп кетти. Бирок сыр алдырбай жай баракат жооп берди:

– Синьора, мен жаӊы эле тамактангам, көпкө чыдай алам. Сен өзүӊ ачка болуп, тамак издеп жүгүрүп кетесиӊ деп корком.

Түлкү корозду алдап да, коркутуп колго түшүрө албасын билип ачуусу менен кыйкырып жиберди.

– Азыр сен отурган даракты кемирип жыгам да сен кошо кулайсыӊ!

Ал эмне кылышты билген. Жыгачты болгон күчү менен кемирип, куйругу менен чапкылай баштады.

– Азыр, дага бир аз! – кобурап жатты түлкү,  – аз калды! Мына, дагы бир аз!..

Түлкү канча кемирсе да зор эменге эч нерсе кыла алмак эмес, бирок так ошол кезде шамал согуп, короз отурган бутактар кыймылдап кетти. Коркуп кеткен Педрого эмен кулап бараткандай болду. Көзүн алайта кыйкырып жиберди:

– Ки-ри-ко-ко! – канатын кага, жакынкы даракка учуп конду. Түлкү артынан жүгүрүп, ал даракты кемире баштады.

– Абайла короз, азыр дарагыӊ кулайт!

– Ки-ри! – коркуп калган короз башка даракка учту. Артынан түлкү жүгүрөт.

– Ки-ри! – кайрадан кыйкырып дагы учту. Жүрөгү тушкөн короз улам бир даракка уча берди, түлкү улам бирин кемирип, улам катуурак кыйкырат:

– Абайла, кулап баратат! Азыр кулайт!

Аӊкоо короз! Түлкү даракты кулата алмак беле? Бирок анын корккону ушунча, кайтадан кача берди, энтигип, эси ооду. Үнү чыкпай кырылдап калды.

– Ки-ки-ки…– киркиреген сулуу короз куруша калды да кулап түштү. Синьора түлкү ушуну гана күтүп турган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.