Кирпи жолдо баратып теңге таап алат. Ошол учурда каретасындагы аттарын алкынтып жанынан бай өтө берген экен.

— Байда жок байлык менде бар!- деп кирпи ага угуза кыйкырат.

Бай ач көз болчу, андыктан “менде жок ал кандай байлык болду экен?” деген ойдо каретасынан түшүп келип:

— Менде жок ал кандай байлык экен?-  дейт.

Кирпи унчукпастан бир теңгени көргөзөт. Бай аны көрүп бырс этип күлүп жибергени менен ач көздүгү кармап, кирпинин жалгыз теңгесин тартып алат да кайра жолуна түшкөн кезде кирпи кыйкырат дейт:

— Көрдүңөрбү! Байда жок байлык менде бар үчүн аны тартып алды!

Эми байдын ач көздүгүн куру намысы жеңип, баарына көргөзө бир теңгени жолго ыргытат. Кирпи болсо кыткылыктай күлүп:

— Көрдүңөрбү? Мен байлыкты эмес, акылды айткан болчумун,- дейт.

Бай буга ого бетер арданып, кирпини жылаңач кол менен ала албасын түшүнүп, арабакечине:

— Эй, айдабайсыңбы!- деп зекиген бойдон жолуна түшкөн экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы110
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)44
Кыска жана күлкүлүү жомоктор37
Акылдуу балдар28
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок27
Акылдуу кыз жомок24
Атанын осуяты жомок16
Жаңы жылга даярдык15
Ала-Тоо ‒ Ата Журтубуз14
Каниет кылуу - Илегилек14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *