(Орус эл жомогу)

Кыргыз тилине которгон: «ЫКЧАМ» котормо борбору 

Илгери-илгери абышка кемпир жашаптыр. Алардын Маша аттуу небереси бар эле.

Бир күнү Машанын курбулары токойго козу карын тергени бармак болушат да, Машага аны чакырганы келишет.

– Чоң ата, чоң эне, курбуларым менен токойго барып келгенге уруксат бериңиздерчи, – деп суранды Маша.

Маша менен аюу 2

Чоң атасы менен чоң энеси:

– Барсаң баргын, бирок курбуларыңдан артта калып калба, антпесе адашып каласың, – деп эскертип жиберишти.

Кыздар токойго келишип, козу карын, мөмө-жемиш терип башташты. А Маша бак-даракты аралап терип отуруп, курбуларынан алыстап кеткенин өзү да байкабай калды.

Качан жалгыз калганын байкаганда ал курбуларын кыйкырып чакыра баштады. Бирок алар аны угушкан да, ага жооп беришкен да жок.

Маша менен аюу 3

Токойду аралап жүрүп отуруп ал такыр эле адашып калды.

Маша жүрүп отуруп түнт, чытырман токойго келип калды. Караса, алдында бир кепе (кичинекей үй) турат. Кепенин эшигине жакын барып такылдатып көрдү эле, эч ким жооп берген жок. Эшикти түртсө, ачылып кетти.

Маша менен аюу 4

Маша кепенин ичине кирип, терезеге жакын жердеги отургучка отурду да, ойлонуп калды.

“Бул жерде ким жашайт болду экен? Кызык, эмнеге эч ким жок үйдө?”

А бирок ал кепеде чоң аюу жашачу. Болгону Маша келген убакта ал үйүндө жок эле, токойдо жүргөн. А кечинде аюу үйүнө келди да, Машаны көрүп аябай сүйүнүп кетти.

– Аха, эми сени коё бербейм. Мындан ары менин үйүмдө жашайсың. Мешке от жагасың, ботко бышырасың, мени ботко менен тойгузасың, – дейт кубанган аюу.

Маша менен аюу 5

Маша капаланса да, ыза болсо да, эч нерсе кыла албады. Ошентип ал аюунун кичинекей кепесинде жашап калды.

Аюу күнү бою токойго кетет, а Машага ал келгиче жалгыз эч жакка чыкпашын эскертет.

– А эгер кетсең, мен сени баары бир кармап алам. Бирок анда дароо эле жеп салам, – деп коркутат.

Анан Маша аюудан качып кетүүнүн жолун издей баштады. Айлананын баары токой, кайсы тарапты көздөй кетиш керектигин да билбейт. Бирөөдөн сурайын десе эч ким жок.

Ойлонуп, ойлонуп отуруп, акыры бир акыл тапты.

Аюу токойдон келгенде Маша аюудан минтип суранды:

– Аюу, аюу, мени бир күнгө кыштакка жиберчи. Мен чоң атам менен чоң энеме белек алпарып келейин.

– Жок, сен токойдон адашып каласың. Белегиңди мага бер, мен өзүм жеткирип келем! – деди аюу каршы болуп.

Маша менен аюу 6

А Машага ушул гана керек болчу!

Ал пирогдорду бышырып бүтүп, абдан чоң кутуну алды.

– Мынакей, кара. Мен кутуга пирогдорду салам, а сен аны чоң атам менен чоң энеме жеткирип бергин. Эсиңде болсун, кутуну жолдо ачпагын, пирогду алып жебегин. Мен сени эменге чыгып алып карап турам.

Маша менен аюу 7

– Макул, – деди аюу, – кутуну бер.

Маша аюуга сыртка чыгып келүүсүн суранды.

– Сыртка чыгып, жамгыр жаабай эле турганын байкап келчи, – деди Маша.

Маша менен аюу 8

Аюу чыгары менен ал дароо кутунун ичине түшүп, башына пирогдордон коюп алды.

Сырттан келген аюу кутунун даяр экенин көрүп,  аны жонуна артып алып, кыштакты көздөй жөнөдү.

Аюу бак-дарактарды, кайыңдарды аралап, аң-дөңдөн өтүп, дөбөлөрдү ашып өтүп жүрүп отурду. Басып-басып чарчаган аюу бир маалда минтет:

– Дүмүргө отурайын,

Пирогдон жеп алайын.

Маша менен аюу 9

Аны уккан Маша кутунун ичинен сүйлөдү:

– Көрүп жатам, көрүп жатам,

Дүмүрчөккө отурба,

Пирогду жеп алба!

Чоң атама жеткир,

Чоң энеме жеткир.

– Муну карачы, тим эле көрөгөч болуп кетет, – деп сүйлөнгөн аюу кутуну көтөрүп алып, андан ары жолун улады.

Дагы баратып, баратып, тыныгып отуруп калат.

– Дүмүргө отурайын,

Пирогдон жеп алайын.

Маша менен аюу 10

А Маша кайра кутунун ичинен сүйлөйт:

– Көрүп турам, көрүп турам,

Дүмүргө отурбагын,

Пирогду жеп албагын.

Чоң энеме жеткир,

Чоң атама жеткир.

Таң калган аюу:

– Муну карачы тим эле, бийикке чыгып алып, алысты көрөт тура!

Аюу ордунан турду да, кайра шашып жөнөдү.

Кыштакка келип, чоң ата менен чоң эне жашаган үйдү таап, бар күчү менен эшикти такылдатты:

– Тык-тык-тык! Эшикти ачыңыз, кулпуну ачыңыз. Мен сизге Машадан белек алып келдим.

А иттер аюунун жытын сезип, ага жабыла кетишти. Бардык үйдөгү иттер чогулуп аюуну көздөй жаалдана үрүп киришти.

Маша менен аюу 11

Коркуп кеткен аюу кутуну таштай калып, токойду көздөй артын карабай качып кетти.

Анан чоң ата менен чоң эне сыртка чыгып, эшиктин алдында куту турганын көрүшөт.

– Бул кутуда эмне бар экен? – дейт чоң эне.

Чоң атасы кутунун капкагын ачып, көргөн көзүнө ишенбей туруп калды, а кутуда Маша аман-эсен отурган эле.

Чоң ата менен чоң эне абдан кубанышты. Машаны кучактап, өөп, акылдуу деп эркелетип жыргап калышты.

Маша менен аюу 12

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы58
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак36
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок27
Акылдуу кыз22
ЖАЛКОО21
Коён менен кирпи20
Кыска жана күлкүлүү жомоктор20

Маша менен аюу: 15 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *