Мээримдүү канаттуулар

Канаттуунун уясы касиеттүү көрүнүп, менин ага кызык-
канымды билип, энем ар дайым эскертет:

‒ Уяга колуңду тийгизбей жүр. Энеси жумурткасын бас-
пай коёт.

Энемдин ушундай кебинен улам уя мага ого бетер ка-
сиеттүү көрүнчү. Бирок аны көрүү оңой эмес эле. Кашат-
тагы кара чыйырчык уялаган жарга көп барамын. Алар чо-
чубасын деп шыбыш чыгарбай сак басамын. Алыстан ту-
руп, жар боорундагы кол баткыдай оюктарды ичимден са-
наймын. Себеби ар бир оюк өзүнчө уя. Мына, уялардын

бири бүтөлдүбү, же бузулдубу, же чыйырчык таштап кетти-
би деген ой келет. Көрсө, мен жөн эле чочулайт экенмин.

Четтен кырсык болбосо жар боорундагы уя бузулбайт тура.

Бир жолу обочодон абайлап турганымда четки уядан чы-
йырчык учуп чыкты. Ошол замат так төбөмдөн «шуу» эткен

коркунучтуу дабыш угула калды. Кайдан-жайдан жетип кел-
ген ителги чыйырчыкты «шап» илип алып, туура жакка зы-
пылдай учту. Азыр эле уясынан чыккан чыйырчык тырмак-
туунун чеңгелинде калды.

Эми балапандары чыкпай калат деп, үйгө ыйлагыдай бо-
луп келдим.

Аянычтуу окуяны угуп, энем мени сооротту:
‒ Тырмактууга чыйырчык жем, азуулууга чаарчык жем.

Тагдыр ошондой, балам. Эми анын уясын басып, балапа-
нын чыгарчусу бардыр.

Көп кечикпей мен жарга келдим. Уя баскан чыйыр-
чыктын төбөсү, же тумшугу көрүнчү мурда. Азыр да чет-
ки уядан ошондой тумшукту көрүп, кубанып кеттим. Энем:

«Басып чыгарчусу бардыр», ‒ дебеди беле.

Мээримдүү канаттуулар 3

Чын эле, жетим уяда чыйырчык бөжүйт. Кантсе да эне чыйырчыктын түгөйү го. Ошол замат үйгө келип, көргөнүмдү энеме айттым. Уяны бөтөн чыйырчык басып калганына энем да
кубанды:

‒ Ал ‒ түгөйү тура. Жалгыз калган кургур жемден куруйт эми. Мен да чыйырчыкка кантип жем берүүнүн аргасын ойлодум. Өз колумдан келер эместей. Бир айылдын балдары кеңешип, ошол уяга жеткидей укуруктун учуна калай челекче бекиттик. Ага көпөлөк, курт, чымын салдык. Анан аны жар бооруна тикесинен жөлөп койдук.Албетте, биз койгон жем чыйырчыкка азык болду дечи.

Күндөр өткөн соң, уянын четинен сары ооз балапандар көрүнгөн кезде кызык окуя болду. Билбейм, биз койгон жем жетпей жаттыбы, айтор, уядагы чыйырчыкка башкалары жардам этишкени байкалды. Бири кетсе, бири жем тиштеп келип, уядагы сары ооздорго берет.

Бул күйүмдүүлүктү укканда, чоң кишилер да таң калыш-
ты. Анан:

‒ Башына оордук келгенде, биз кишилер ушул чыйыр-чыкчалык жардам этебизби? Ар кимибиз өз-өз түйшүгүбүз менен убара болуп, күйүмдүүлүк да эстен чыгат. Эмне, тигил чыйырчыктардын өз түйшүгү жок бекен!? Тырмактуулар кол салат ал бечараларга. Оор күндөрү жем табылбай калат.

А күйүмдүүлүктү ушул чыйырчыктардан үйрөнсөкчү!..

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Таранчы менен түлкү204
Акылдуу дыйкан192
Акыл карачач179
Ууру үкү134
Муз чолпу107
Сыйкыр сөз94
Чоң кумурска менен кичинекей кумурска76
Жоогазын60
Сыйкырлуу таяк52
Жезкемпир жана кыздар51

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.