Жанагыл токойлордо “чырлыйт-чырлыйт” этип учкан кызыл төштүү бачайы чымчык бир кезде мынчалык кооз эмес, бозоргон эле көрксүз канаттуу болуптур. Андай болгону менен ал абдан меймандос экен. Ал тургай бул боз чымчык жумуртка же балапан издеген жылан уясына сойлоп келсе да сыйлаганга аракет кылчу имиш. Ошондуктан ал меймандостугу менен абдан даңкталыптыр.

Бир жолу анын үйүнө алыскы туугандарынан болгон короолу чымчык менен таранчы күтүүсүздөн келип калышат. Үй ээси канчалык меймандос болсо да аларды кантип сыйлаарды билбейт. Анткени ошол күнү кара басып, анын үйүндө эч кандай тамак калган эмес эле. Боз чымчык эмне кыларын билбей кошунасы жылкычы чымчыкка учуп барып ун сураса, дайыма жардам алып жүргөн ал деле үйүндө эч нерсеси жоктугун айтып карганып жиберет. Ал токой аралап учуп, жакын жашаган сагызганга, каргага да барды эле, сараңырак алар ооздорун куу чөп менен аарчып, жоктон башканы айтышпайт.

Эмне кыларын билбеген ак көңүл кургур булбул досун эстеп, ал токойдун аркы четинде алыс жашаса да жанталаша учуп жетип, ал жерден дагы жолу болбоду. Булбул өзүн жакшы кабыл алганы менен буудайын жаңы эле тегирменге жеткиргенин айтып, жокту бардай кылып жобурап, досун жооткотуп бирок кур алакан кетирди.

Айласы кетип, аргасы түгөнгөн чымчык кайра үйүнө келсе, алыс жол тартып келген коноктору бош дасторкондун боюнда үй ээсин күтүп, ачкадан кезерип отурушуптур. Муну көрүп абдан уялып кеткен боз чымчык конокторун сыйлай албаганына арданып, өз жанын өзү кыймакчы болот да курч бычагын жаңы эле алкымына такаганда коноктору аны көрүп, кармап калышты. Анткен менен курч бычактын мизи алкымын аз-маз тилип кетип, шүүшүндөгөн кан төшүнө жайылып, кызылга бойоп жиберет.

Ошондон кийин меймандостукту жактырган Жараткандын жардамы менен чырлыйттап учкан ошол боз чымчыктын канынын өңү өчпөй, төшү кызылга бойолгон бойдон калып, бара-бара ал бачайы чымчык аталып, дүйнөдөгү абдан кооз куштардын бирине айланыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *