Мергенчи бир күнү кажырлуу капканды койду да, жанына көз кызарткан чоң кесим этти таштап кетти.

Эттин жытын сезген ач түлкү шимшилеп жүгүрүп келип, этти жейин дейт, бирок ойлонот: «Йе, бул соо эмес. Мындай сулп эт талаада жөн эле жатканын өмүрүмдө көргөн эмес элем го». Тобокел кылгысы келбеген түлкү өз жолуна түшөт.

Алдынан карышкыр кезигип сурайт:

– Кандайсың, Түлкү? Эмне маанайың пас?

– Чоң кесим сулп эт жатканын көрүп, жебей калганыма өкүнүп келатам. Орозо кармап жүрбөймүнбү.

– А мен орозо тутпаганым жакшы болуптур, – дейт сүйүнгөн карышкыр. Дейт да сулп эт кайда жатканын сурайт.

– Мынабул жерделе жатат, – түлкү эт жаткан жерди көрсөтөт.

Ачкөз карышкыр этти баса жыгылары менен арткы буту капканга чабылып калат. Түлкү болсо этти илип кетет да жеп баштайт.

– Бул эмне кылганың? – карышкыр кыйкырат, – Сен орозо тутуп жүрөм дебедиң беле!

– Мен эми оозумду ача берсем болот, ай жаңырбадыбы,– деп этти жалмап койгон экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы44
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор25
Акылдуу кыз16
Көмөч нан (колобок) жомок16
Нооруз жөнүндө жомок16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *