Казак жомогу. Илгери бир кедей өтүкчү жашачу экен. Анын көп баласы бар эле. Өтүкчү таң аткандан күн батканга чейин белин бекчейтип иштей турган, бирок тапкан акчасы балдарын бир жолу курсагын тойгузганга гана жетчү. Айылда жумуш жакшы болбогон соң өтүкчү ийинине мыктары бар сандыгын асып, коңшу айылдарга жөнөдү. Бир жолу өтүкчү алыскы айылга кетип баратты. Жол тааныш эмес эле, анан өтүкчү жолдон адашып калды. Ал көпкө басып жүрдү, чарчады. Акыры алдынан бир үй чыкты. Сүйүнгөн өтүкчү үйдүн терезесин тыкылдатты, бирок ага эч ким жооп берген жок. Анан үйдүн ичине кирди. Үйдүн ичинде эч ким жок экен.

– Эмне болуптур, түндү өткөрөм да, эртең эс алып алып жолго чыгам, – ал өзүнө-өзү ушундай деди да, уйкуга кетти.

Түн ортосунда катуу ызы-чуу, күркүрөө угулду. Өтүкчү башын көтөрсө, эшиктен килейген ажыдаар батпай араң кирип келе жатканын көрдү. Анын чекесинде жалгыз көзү жалтылдап жанып турат. Бул дяю-дөө болчу.

– Менин үйүмдө ким бар? – дяу коркунучтуу үн менен бакырды.

– Мен, өтүкчүмүн.

– Сен эмне иш кыла аласың?

– Мен өтүк тигем, – деди өтүкчү.

– Анда жакшы. Менин өтүгүм эскирип жыртылып калды эле. Уктай бер, эртең менен иштеп баштайсың.

Ушундай деди да, дөө так босогого жатып, коңурукту кош салып уйкуга кетти.

Өтүкчү уктамыш болуп жатты, бирок ою онго бөлүндү, дөөдөн кантип кутулат? Көпко ойлонуп жатты да, акыры дөөнү өлтүрмөй болду. Колуна өтүк тиккенде колдонгон курч бычагын алды да, уктап жаткан дөөгө акырын жакындап келип, болгон күчү менен ажыдаардын жалгыз көзунө бир сайды. Дөө катуу оорудан айкырып турду да, көзү көрбөй, душманын кармаш үчүн эки колун жайып, бөлмөнү айлана баштады.

Өтүкчү байкатпай сыртка чыгып кетти. Качан таң атканда өтүкчү капа болуп турду.

– Сандыгы жок эми эмне кылам, ансыз колу жок устадаймын, иштей албайм.

Капаланып, капаланып отуруп, кайра дөөнүн үйүнө сандыгын алганы кирди. Үйдө жымжырттык өкүм сүрүп турду. Өтүкчү үйгө киргенде дөөнүн бөлмөнүн ортосунда керилип, дем албай жатканын көрдү. Ал кайраттанып, жарыкта дяунун үйүнүн ичин карап баштады, аңгыча алтынга толгон сандыкты таап алды. Өтүкчү сүйүнгөнүнөн сандыгын унутуп, ийинине алтын салынган сандыкты көтөрүп, үйүнө жөнөдү.

Ошол күндөн баштап өтүкчү жакырчылык эмне экенин билбей жашады.

Кыргыз тилине которгон: «ЫКЧАМ» котормо борбору 

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы64
Акылдуу кыз жомок48
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар31
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Өтүкчү: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *