Терезе жасаган уста бир күнү жиндиге айтат:

– Жиндинин баары терезе талкалайт экен, а бекерпоз сенин негедир кылган ишиң жок. Бар, терезе талкала. Мага иш таап: ошонуң менен пайда келтиресиң.

Муну уккан жинди турабы, терезечинин үйүнө барып, чөнтөгүнө шыкап алган таштын баары түгөгүчө, айнектин бирин калтырбай күбүп таштайт.

Терезечи камаарабай үйүнө келди, ишти көрдү. Мына, жиндегенин көрүп ал. Жиндиге муштум кесеп калды:

– Маа эмне ачууланасың? – деди жинди. – Өзүң айттың го: “Бар, терезе талкала” деп.

– Эй, сен башкалардын терезесин талкалабайт белең! Ошондо кокодон иш болмок менде, – деди айласы куруган терезечи.

– А мен башкалардын терезесин сындырсам, алар сенден башка деле усталарды чакырмак. А мен сеникин сындыргандан коркпогон себебим: сен башкаларды чакырып отурбай, өзүңдүкүн өзүң жасап аласың, – деген экен жинди.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)534
МАНСАПКОР КҮЧҮК463
Көмөч нан (колобок) жомок422
Алтын балык261
Карышкыр жана жети улак234
Акылдуу кыз жомок218
Алия менен жылкы201
Акылдуу кыз182
Акыл карачач175
КҮЧ БИРДИКТЕ ЖОМОГУ148

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *