Башкаларга сен
Балким бөлөксүң
А мен үчүн жаным
Мага өзүң керексиң
Көздөр жайнаса
Көңүл алдаса да
Сени эч кимге алмаштырбаймын
Жаным
Кайырма:
Мен сени сүйгөм башында
Сүйүүңдү менден жашырба
Көндүрүп алып өзүңө
Көңүлүм менин калтырба
Кол кармашып биз
Сүйүү багында
Жылмайганың күлкүң жаным
Мага даары да
Көздөрүң менен
Көңүлүм элең да
Мени сүйчү жаным эркем
Жалгыз калтырба
Руслан Ажалиев — Сүйгөм башында тексти
Датасы: 19.03.2025 Көрүүлөр: 387