Акылман падыша Сулаймандын да башына карылык келет. Алдан-күчтөн тая баштаганда жиндердин башчысы ага келип таазим кылат да, айтат:

– О, падыша! Бул идиштеги мүрөктүн суусу. Андан бир ууртам ичсең түбөлүк өлбөс болосуң.

Бирок картаң падыша акылман, андыктан  сак да киши эле. Ал ак сарайдын жанынан өтүп бараткан  биринчи үч адамды алып келүүгө буюрду. Бат эле анын алдында үч адам турду, атактуу жоокер, бай соодагер жана кедей дыйкан. Адегенде Сулайман атактуу жоокерден сурады:

– Айтчы, мүрөктүн суусун ичсем бактылуу боло аламбы?

Жоокер жооп берди:

– Ооба, болосуң. Миңдеген жылдар бою жашап, бүт ааламды багындырганга убактың жетет.  Башка элдер сага башын ийгени – бакыт эмей эмине?!

Анда бай соодагерден сурады:

– Сен айтып көрчү, мүрөктүн суусун ичсем бактылуу боло аламбы?

– Болосуң. Жылдар өтө берет, сенин байлыгың көбөйө берет, миңдеген жылдар бою. Байлыгыңа байлык кошулса – бул эң чоң бакыт эмеспи.

Анда падыша кедейден сурады:

– Айтчы, мүрөктүн суусун ичсем бактылуу боло аламбы?

Дыйкан жооп берди:

– О, падышам! Жоокер да, соодагер да сага чындыктын жарымысын гана айтып беришти. Алар сени бактылуу болосуң дешти, бирок сенин бактысыз да болоруңду айтышкан жок.

– Сен эмне деп жатасың, акылсыз! – деп кыйкырып жиберишет жоокер менен соодагер. – Кантип өлбөс падыша бактысыз болушу мүмкүн?!

– Угуп турчу мени, акылман өкүмдарым, — деди кедей. – Сен мүрөктүн суусун ичип түбөлүк өлбөс болосуң. Убакыты келип сенин сүйүктүү аялың өлөт. Сен жашап, байлыгың өсүп жатканын көрөсүң. Сен жакшы көргөн балдарың өлөт, сен болсо жашап, кудуретиң күчтөнгөнүн көрөсүң. Кийин балдарыңдын балдары – неберелериң кетет бул дүйнөдөн. Сен жашай берип, асыл буюмдарыңды эсептейсиң. Сенин досторуң менен сен ишенген кызматкерлериң өлөт. Сен жашай бересиң. Бир күнү карасаң  сенин жаныңда бир да жакын адамың  калбайт. Так ушундай бакыт күтүп турат сени, өкүмдарым. Эми кааласаң бул сууну иче бер, өлбөс болосуң.

– Жок! Эч качан! – кыйкырып жиберди, чочуп кеткен Сулайман падыша. – Эч качан! Жанымда балдарым болбосо мага жашоонун эмне кереги бар! Байлыгың эмне, неберелеримди жоктоп калсам?! Бийликтин кереги барбы, эгер досторумдун баарын жоготсом!

Ушул сөздөрдү айтып туруп мүрөктүн суусу куюлган идишти күч менен талкалап салды, суу болсо жерге сиңди, идиштин сыныктарын деңизге ыргыттырып салды.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок23
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *