Уурдатып жатам кимге жаштыгымды?
Улгайды сени көпкө көрбөй көзүм.
Көөдөндү жарып чыккан үшкүрүккө,
Окшото берчү болдум өзүмдү-өзүм.
Кайырма:
Мен үчүн сени сүйбөй коюу күнөө,
“Бакыт” деп сени мага берген дүйнө.
Сенсиз өткөн өмүр жалаң арман,
Сенсиз өткөн күндөр баары жалган.
Ордуңду толтура албай сыздайт күкүк,
Муңканган күкүккө да убал керек.
Мендеги сүйүү менен бул тагдырда,
Бактысыз болууга мүмкүн эмес.
Кайырма:
Түгөнгүм келет менин күтүп жүрүп,
Күтүүдөн кетти айлам күйүп-күйүп.
Кагазды өрттөсөң да күл калат,
Жүрөгүм күл калтырбай күйүп-жанат.
Кайырма:
Ооба аябай жакты
Оба жатты мага да
Таалай Бектурганов ван лав
Нюда%ю
Жүрөктөгү таза жоопсуз калган сүйүү. Ыр өттө маанилүү жазылган. Эххх
Жүрөктөгү таза жоопсуз калган сүйүү. Ыр өттө маанилүү жазылган. Эххх
Башынан эле жагат
Мага жакты