Кайрылгыс жомок кезди эске салып,
Түшүмө кирдиң бүгүн айсыз түндө.
Чыркырап жанып турдум кете албай,
Алыскы биздин аалам, биздин күнгө.
Турмушум жаным ошо түштө калып,
Боштукта аңылдаган кууруламын.
Карттанган жарам сыйрып жөн кирбедиң,
А балким, ушул түнү сен ыйладың.
Жашоого кайрыла албай турам азыр,
Сени жок окшош күндөр коштоп алган.
Сыягы башым менен кошо жатат,
Сен деген, сен, сен деген бүтпөс арман.