Үч теке жайытка чыгат. Жашы картаң экөөсү менменсинген мактанчаак экен. Экөө өздөрүнчө мүйүздөрү менен мактанчу болушат: «Бизге карышкыр кабылчу болсо, өпкөсүн үзө сүзмөкпүз ээ». А жаш теке үн чыгарбай, жашыл чөптү кыртылдата оттоп гана урчук таштарга мүйүзүн кайрап жүрө берет.
Үчөө кечки маалда кезүүдөн кайтат. Карт текелер алдыга озуп кетип, жаш теке артта калат.
Бир маалда карышкыр карп-күрп чыгат алдыдан. Эң алдыдагы карт текеге айтат:
— Кел теке, урушабыз!
— Урушса урушабыз, эси жок карышкыр десе!
Экөө урушту баштаганда эле, карышкыр тигини жутуп коёт. Ортончу теке чыгат ангыча. Карышкыр айтат ага да:
— Кел, эми экөөбүз урушалы!
— Урушса урушабыз, эси жок десе!
Ал экөө да урушту баштап, карышкыр аны тез эле жутуп коёт. Карышкыр эки жагын караса, даа бир теке келатат. Жаш теке карышкырды көрөр замат, жекеме жекеге өзү биринчи чакырат:
— Кел, эси жок карышкыр, урушасыңбы?
— Кааласаң, урушалы! — дейт таңгалган карышкыр.
Карышкыр көздү ачып жумганча жаш теке учуп келип, учтугуй мүйүзү менен кадап, карышкыр анын курч туяктарынын алдында тебеленип жыгылат. Ал эмес карышкырдын курсак териси айрылып, ичинен эки карт теке чыга калат.
— Охо, экөөңөрдөн карышкыр катуу корккон турбайбы! – деген жаш теке кенебестен алдыга түшөт.
Ал эми карт текелер баштары шылкыйып, жаш текени ээрчип жөнөгөн экен.