Төрт кечил тоо этегинде жайгашкан храмдын үжүрөсүндө жети күн бою унчукпоо үчүн антташат. Аларга керектүү ар нерсени ташып кирүүгө малай баладан бөлөккө уруксат болбойт.
Караңгы кирери менен үжүрөдөгү чырак мына-мына өчүп калчудай үлбүлдөп баштайт. Башкаларга караганда шамга жакын отурган кечилдин бири бейпайга түшүп сүйлөп жиберет:
– Эй, бала, чырактын билигин түзөп койчу!
Муну уккан жанындагы кечил күңкүлдөп жиберет:
– Унчукпоо үчүн убада берген ким?!
Муну уккан үчүнчү кечилдин да тиги экөөнө жаны кашайып, ал да өзүн кармана албайт:
– Эй, силер эмне болгон адамсыңар?!
Тигилердин үнүн эшиткен эң төрдөгү кечилдердин улуусу да салабаттуу кейиптенип айтып турганы дейт:
– Ой, чиркин-ой! Мен гана үндөбөбөстөн отурдум го!