Күнөстүү аянтта үч дос көпөлөктөр ​​жашашчу экен. Алардын бирөө — ак, экинчиси — кызыл, үчүнчүсү — сары болуптур.

Көпөлөктөр гүлдөн-гүлгө учуп, көңүлдүү күндөрдү өткөрүп жүрүшчү эле.

Бир күнү жамгыр жаап баштады. Көпөлөктөрдүн канаттары суу болуп, кайда жашынарын билбей калышат.

Суу болгон көпөлөктөр бакчада бажырайып өскөн лилияга келип:
— Лилия, лилия! Бизди жамгырдан коргоп койчу! — деп суранышат.

Лилия гүл:
-Макул, ак көпөлөктүн өңү мага окшош экен. Ак көпөлөк сен мага жашын! Ал эми кызыл жана сары көпөлөктөр башка жерге жашынгыла! — дейт.

Ак көпөлөк муну угуп:

-Досторум суу болуп турганда, сенин көлөкөңдө кантип жайбаракат отурам. Аларды жашыра албасаң, анда мен да кала албайм, -деп ачуусу келип учуп кетти.

Үчөө андан ары учуп жөнөшөт. Жамгыр да токточудай эмес.
Алар маңдайынан көздүн жоосун алган, чоң кызыл жоогазын өсүп жатканын көрүшөт.

-Жоогазын, жоогазын! Мүмкүн болсо, жамгыр басылгыча сага жашынсак болобу?

-Кызыл көпөлөк мага окшош экен, ошону калкалайын. Ал эми ак көпөлөк менен сары көпөлөк башка жер издесин! – дейт Жоогазын.

Анда кызыл көпөлөк:

-Досторумду кабыл алгың келбесе, мага да жардамыңдын кереги жок. Суу болсок, чогуу суу бололу, — деп учуп кетет.

Учуп баратышып, алдыларынан, чоң сары гулго туш болот. Алар гүлгө учуп барып:

-Оо, керемет сары гул! Жамгыр басылгыча сени ыктай турсак болобу?

-Мейли, сары көпөлөк мага окшош экен, ошону жамгырдан коргойм. Башкаларынар башка жер издегиле,-дейт.

-Жок, жок! Досторума жардам бере албасаң, мен да сага калкалабаймын! Андан көрө суу болгонум жакшы,- деп жооп берип учуп кетти.

Көпөлөктөрдүн сөзүн булуттардын артына жашынган күн угат. Күн көпөлөктөрдүн өз ара ынтымагына, биримдигине кубанат. Ал аларга жардам берүүнү чечет.

Күн булуттарды жарып, асмандан жаркырап чыгат. Жылуу нурлары менен көпөлөктөрдүн нымдуу канаттарын кургатып, аркасын алтын нурлар менен кургатат.

Сүйүнгөн көпөлөктөр канаттарын кагып, кайра көңүл ача башташты. Алар аянтты тегеренип уча башташты. Бирок андан кийин лилия, жоогазын, сары гүлдөргө конбой калышты.

«Чыныгы достор кыйынчылыкта гана сыналат» деген кеп ошондон калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы44
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор25
Акылдуу кыз16
Көмөч нан (колобок) жомок16
Нооруз жөнүндө жомок16

Үч көпөлөк (немец жомогу): 12 комментарий

  1. Куноос, ыктай дегенди жонокойлоштуруп эле жазссаныздар, 6 жаштагы кызым ал эмне деп тушунбой атат.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *