Жарганат

Качандыр бир кезде канаттуулар менен айбанаттардын ортосунда чоң согуш болот. Жарганат ошондо минтиптир өзүнчө:
– Менин айбанат же канаттуу экенимди ушуга дейре эч ким аныктай элек. Бири айбанатсың десе, бири канаттуусуң дейт. Андыктан четте бөлүнүп турайын, жакшылап ойлоноюн. Канаттууларга да, айбанаттарга да өзүмдү илээштирбейин. Кайсы тарабы кыйын, көрөйүн. Кимиси жеңсе, ошол жагына кошулам! — дейт.

Бул учурда айбанаттар менен канаттуулардын бетме-бет кармашы башталды. Жарганат болсо урушту алыстан гана карап отурду. Анын байкоосунда: канаттуулар чапчаң көрүндү. Ал ошол замат канаттуулар тарабына учту, бирок өтө жакындап барбастан ойлонду: «Мейли, адегенде жеңишке жетип алышсын, ошондо кошулам!»
Арийне, канаттуулар жеңиле турган болуп калды эле, жарганат айбанаттар тарабына жылт койду да, минтип жар салды:
– Менин тумшугум кудум эле чычкандыкындай. Балдарыма сүт эмизем, а канаттууларга андай ырыскы буюрбаган. Демек, мен айбанатмын. Андыктан мени өгөй эмес, өздөй көрсөңөр экен! А мен силерге өмүр бою чын жүрөгүмдөн ак кызматымды кыламын. Мен силерди эч качан сатпаймын!
Айбанаттар жарганатка ишенип, өздөй көрүп кошуп алышты.
Бирок болбой эле канаттуулар жеңип кетти. Анткени алардын аскер башчысы алгыр бүркүт деген түгөткүр экен. Муну баамдаган жарганаттын жаны оозуна кептелип, ой калчады: «Мени эми канаттуулар соо койбойт. Тытып жешет!»
Ушул ой башына келери менен зуу коюп качты. Качканда да тоолордун, токойлордун арасына житип, өзүнө кычык тапты.
Ошондон бери ал кыпылдап жашайт экен: күндүзү жашынат, түндөсү канаттуунун баары уяларында уктап жатканда гана жарганат сыртка уурданып чыкчу болуптур.
Көрсө, суу жүрөктөр ушундай оома, шүмшүк, саткын болгон үчүн бет күйдү болуп жашайт экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *