Илгери -илгери бийик тоолордо Алия деген кыз асманды карай берчү экен карай берчү экен. Алия асмандагы булуттарга жетип алып, секирип, кармалап, оонап ойногусу келчү экен. Кайсыл жака бул булуттар учуп баратат аябай кызык болуп атат мага. Качан мен бул булуттарга жетем билбейм.

Бир жолу Алия баратып жер астындагы периштенин ыйлап аткан жеринен жолугуп калат.
— Эмне болду? сиз менен. Сизге эмнеге ыйлап атасыз? айтыңызчы мага.
-Менин жылкым жоголуп кетти. Ал жылкымдын жалында бир жылда бир жолу жыпар гүлдөр пайда болуп калчу эле. Ал гүлдөрдү жыттап мен дайым жашарып ден-соолукта болчумун. Эми эмне кылам билбейм.
— Ыйлабаңыз эми кокустан бир жерден жылкыңызды көрүп калсам сөзсүз сизге жетелеп келем.
Жылкысын таап берейинчи. Аябай боздоп ыйлап атат го, боорум да ооруп кетти. Менин да энем бар да. Ошентип баратып кургак жерде оттоп жүргөн жылкыны көрө калат. Таштын артында жашынып турса саз желмогуз жетип келет.
Бул жылкыны кечөө урдап келе бердим. Эми мурунку кожойунум бат эле карып калат. Менден да бирөө уурдап кетпесин. Тетиги эки шайтан кайда жүрөт ыя. Бери келгиле келгиле дейм силерге.
-Эмне болду саз желмогузу ыя? жылкыларды карагыла дебедимби силерге какшап.
-Ансделе карап атпайбызбы күнү- түнү уктабай жылкыңарды жүдөп.
-Эй мунун жалынынан бир кыл түшсө көзүңөрдү чукуп коем айтып коеюн уктуңарбы мени күнү-түнү уктабай карагыла. Жоголуп кетпесин жылкым каныңарды ичем.
— Макул.
— Бир жылдан бери аңдып жүрүп кайтарып атып араң уурдап келдим бул жылкыны угуп атасыңарбы мени шайтандар. Мурунку кожойуну издеп жүрөт. Таап алып алып кетип калбасын жылкысын көзүңөрдү ачып жакшы карагыла. Азыр болсо жетелеп келгилечи мага.
— Макул саз желмогузу күнү-түнү карайбыз уктабай. Сиз айтканды кылабыз. Ишениңиз бизге.
Эми бул менин жылкым бир нече күндөн кийин жалынынан жыпар гүлдөр өсүп калат. Аны жыттап жашарып мен эң сулуу желмогуз тоолордо болом. Ошондо көрөсүңөр. Азыр болсо муну үңкүргө алып барып, аркан менен байлап көбүрөөк чөп ыргытып койгула. Ачка болбосун менин жылкым. Жакшы тамактансын ошондо жалынынан көп жыпар гүлдөр өсүп калат.
— Макул.
А мен болсо бир-эки саат уктап алайын.
Жашарып калган сулуу желмогуз болот имиш. Карагылачы мунун басып баратканын. Убара болуп мунун жылкысын кайтарат экенбиз да. Жашарганча биринчи биздин курсагыбызды жакшылап тойгузбайт белең.
Эң туура көбүрөөк спорттук кыймыл көп кылгыла. Уктап калбайсыңар жылкымды кайтарып атып. Чөп салып койгонду унутпагыла. Угуп атасыңарбы.
Мен барып кетиги үймөк чөптүн арасына жашынып калайын. Мени бир кучак чөп деп ойлошуп үңкүргө алып барышат. Ошондо жылкы экөөбүз качабыз.
Бул жылкыга күндө чөп ташып атып тажадым.
— Сенчи ?
— Мен дагы.
Чөптүн арасындагы Алияны көтөрүп алып үңкүргө келишет.
-Бүгүн биз көтөргөн бир кучак чөп ушул аябай эле оор го ыя кандай дейсиң сезип атасыңбы?
— Кечөө жаан жаганда ным болуп калса керек. Ошон үчүн оорураак сезилип атат.
— Туура айтасың жаан жаганын такыр эле унутуп калган турбаймынбы мен.
— Кеттик
Эй жылкы мэ ичип жарылганча же. Саз желмогуз жашарганда мен сени өзүм соем уктунбу ошондо этиңе тоем жыргап.
Не кылдык.
Акырын. Сени жер астындагы периште күтүп атат. Азыр сен экөөбүз качабыз макулбу. Жылкы үңкүрдүн эшигин тээп сындырып, Алия менен качат. Шайтандар болсо артынан кубалап жетпей калат.
Токтогула дейм. Токтогула.
Менин жылкым келдиңби? Канча күндөн бери сени издеп жүрөм. Сагындым аябай. Эми дайыма чогу болобуз.
— Рахмат сага Алия Мен сыйкырчымын да. Сен үчүн эмне кыла алам айта бер мага.
— Менин бир кыялым бар эле. Тээтиги асмандагы булуттарга бир жолу чыксам эң сонун болмок. Ичине секирип секирип ойнойт элем.
— Ошол элеби Алия . Сен үчүн булуттарга сыйкыр тепкич жасап берем. Жылкымды таап бергениңе рахмат сага. Ошол тепкич менен Алия булуттарга чыгып, өз кыялына жетет . Ушундай жомок кыргыздардын тоолорунда болуптур.

Алия менен жылкы: 96 комментарий

      1. Катта бар экен кебир жерлерде бир соз эки жолудан кайталанып катталары бар.бирок сонун жомок экен

  1. Создордун кобу туура эмес жазылган уят эмесби мисалы «Ансыз деле» дегенди «Ансделе» деп жазып уят эле кайсы билимсиз адам жазган эх кайран кыргыз элим. Бул создорду окуп мен уялып кеттим, мындай темпте кетсек озубуздун тилди бат жоготобуз. Кичине ойлонгула!!!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *