Бул эмне?

Жайлоодо жүрүп Коля бир топ нерсени үйрөнүп алайын
деди. Бир күнү Эркинди боз үйдө калтырып коюп, анын чоң

атасынын атына учкашып, ары-ары жактарга кыялап ке-
тишти.

Коля билбегендеринин баарын сурай берди.
‒ Бул эмне, чоң ата?‒ деди бир чөптү көрсөтүп.
‒ Козу кулак, ‒ деди чоң ата.
‒ А эмнеге козу кулак?
‒ Козунун кулагына окшоп турбайбы.
‒ А бул эмне? ‒ дагы бир чөптөрдү көрсөтүп, Коля чоң
атадан сурады.
‒ Кана, а түгөттүкү, уу коргошун турбайбы?
‒ А эмнеге уу коргошун?
‒ Уу да ал, билесиңби, яд! Көп жеген мал өлүп калат.
‒ А эмнеге сиздин мал жебейт?
‒ Биздин мал аны дароо тааныйт. Энелери балдарын

биринчи ээрчитип чыкканда эле эмнени жеш керек, эмне-
ни жебеш керек экенин үйрөтүп чыгат.

‒ Анда булардын баарын жок кылып койбойсуңарбы?
‒ Тим коёбуз. Уу коргошундан илгери табыптар дары
жасашчу эле. Эми андай табыптар да калбады. ‒ Чоң ата
атын андан ары бастырды.
‒ А бул эмне? ‒ деди Коля жерде жалпайып жаткан дагы
бир нерсени көрсөтүп.

‒ Төө таман. ‒ Чоң ата ушинтип айтты да, унчукпай кал-
ды.

Бул эмне? 3

Чын эле төөнүн таманына окшош экен ‒ деп койду Коля
ичинен.
‒ А бул эмне?
‒ Ат кулак.
Анысы болсо аттын кулагына окшоп кетти.

Ошентип, Коля көргөнүн сурай берди. Чоң ата болсо бе-
теге, көдөө, чекилдек, чырыш, сасык таана, тулаң, куурай,

шимүүр, чечекей, көбүргөн, чемирчек, меңдубана, карга
тырмак, терскен деп ар биринин атын атай берди.
Коля «бул тоодогу кыргыздар ушунча өсүмдүктөрдүн
атын кантип билет, кантип жаттап алат, кантип бири-бирине

алмаштырып албай айырмалап айтып жүрүшөт» деп ойло-
ду да, өзү бүгүн уккандарынын айрымдарын гана кайра эс-
тей алганына өкүндү.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •