Датасы: 11.10.2020
Формат: mp3

Кайырма:
Оролуп турду мойнума,
Сенин эрке, назик колдоруң.
Мөлтүрөгөн кара көзүңдөн,
Карай берип такыр тойбодум.
Эсимде жанагы, сентябрь аягы,
Саргайган жалбырак, күздүн кеч шамалы.
Ошондо сен мага көрүндүң башкача,
Көздөрүң чачырап, жылдыздын нурундай.
Кайырма:
Аттиң, ай, ал күндөр кайрылып келсечи,
Өткөргөн бул күндөр кайрылбайт артына.
Эстесем ал күндү жүрөгүм кыйналат,
Унуткус махабат көңүлдү жаралайт.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *