Датасы: 27.08.2020
Формат: mp3

Кирип келет ал келген
Не кааласам алып берген
Керек болсо мен үчүн
Кези келсе жан берген

Кайырма:

Көңүлүмдү жазып мен
Кемесине бакыттын
Эркелетип ээрчиткен
Эр жигитке ашыкмын

Кыялыбыз кооз жаз экен
Кыз сезими наз экен
Бирок андай жигиттер
Такыр аз экен

Убададан тайбаган
Шерик болуп жандаган
Менден башка селкиге
Көз кыйыгын салбаган
Мүнөзүмө татыган
Мыкты сапат ашыган…
Жайда көлгө алып барчу
Жаш жигитке ашыгам

Кыялыбыз кооз жаз экен
Кыз сезими наз экен
Бирок андай жигиттер
Бул өмүрдө аз экен

Жүрөк ээсин тандасын
Жылуу перини арнасын
Жашообузда эч бир кыз
Жалгыз калбасын



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *