Датасы: 17.10.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Нурила

Көзү жанган, сөзү балдан,
Жолдон кайтпас беттеген.
Таласымдын жигиттери,
Табияттан кепкенен.

Көрктүү Талас жигиттери,
Көк асмандай кепкенен.

Кайырма:
Мезгилдин үмүттөрү,
Мекендин күлүктөрү.
Таскагы күчөп турган.
Таластын жигиттери.

Жарк эткен чагылгандай,
Жарышка чабылгандай.
Таластын жигиттери.
Таалайга табылгандай.

Шайыр кенен, сыйы менен,
Шаңдуу сезим таратат.
Мартабасы бийиктерим,
Мактансаңар жарашат.

Майдаланбас бийиктерим,
Мактансаңар жарашат.

Кайырма:
Түшпөгөн эч бир наркы,
Фасольдой кымбат баркы.
Керемет Таластыктар,
Кең пейил баары жалпы.
Жашынан күткөн кадыр,
Жалындап күйгөн баатыр.
Дүнгүрөп Таластыктар,
Дүйнөгө бара жатыр.

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *