Таң атып бар жатат түн өкүм сүрүп,
Таңдын кучагында ойлуу жүрөмүн.
Бир кыз бар дүйнөнүн эң жаман кызы,
Мен ушул жаман кызды жакшы көрөмүн.
Жаныңа барамын, күйүп барамын,
Дүйнөнү чекеге сүрүп барамын,
Жамандыгын билип туруп барамын.
Ырга салдым нурлуу жүзүңдү,
Жамалыңды жакшы көрөмүн.
Көргүм келет кара көзүңдү,
Мен сулууну жакшы көрөмүн.
Өзү да кашымда майрамдайт ар күн,
Менден кечип кайра кайтат ал ар күн.
Жамандыгын дагы айтат ал ар күн,
Мен ушул жаман кызды жакшы көрөмүн.
Ыр менен айтайын жарчылар билсин,
Кабагын бүркөгөн каршылар билсин.
Мага эмне бүт жакшылар билсин,
Мен ушул жаман кызды жакшы көрөмүн.
Ильяс Кудретов — Жаман кыз тексти
Датасы: 28.08.2020 Көрүүлөр: 9004
оа
Текст башка ырдашы башка ыр дал келбейт